whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүС.Жапаров: "Бабанов баштаган ишкерлер кирешелерин легалдаштырып, өлкөгө инвестиция салууда"

С.Жапаров: «Бабанов баштаган ишкерлер кирешелерин легалдаштырып, өлкөгө инвестиция салууда»

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Технопарк” IT-хабынын ачылыш аземинде Өмүрбек Бабанов сыяктуу бир катар бай жарандар кирешелерин легалдаштырып, инвестияны өлкөдө курулуп жаткан ири курулуштарга салганын айтты.

«Өмүрбек Токтогулович эле эмес, аттарын атабай эле коеюн бай жарандарыбыз кирешелерин легалдаштырып келишип, жеке инвестицияларын өлкөбүздүн курулуп жаткан масштабдуу ири курулуштарына, беш жылдыздуу отел курууга салып жатышат.
Мындай иштердин башталышына өлкөбүздө уюшкан кылмыштуу топтордун жок болушу түрткү болду десек болот. Биз мамлекет тараптан бардык ишкерлерди мындан ары дагы колдоого алабыз, жардам беребиз.
Ошондуктан мындан ары капиталыңыздарды өз өлкөбүзгө жумшаңыздар. Салыктарды өз мамлекетибизге төлөңүздөр. Мамлекет колдоп, кубаттап кана турабыз», — деди президент.

Эске салсак, мындан эки жыл мурун “Кирешелерди легалдаштыруу мыйзамы” кабыл алынган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар