Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖол кырсыгынан жабыркагандарга кенемтелер төлөндү

Жол кырсыгынан жабыркагандарга кенемтелер төлөндү

Унаа кырсыгынан жабыркаган жарандарга ОСАГОнун алкагында жалпы 6 млн 137 миң 865 сом өлчөмүндө кенемте төлөндү. Бул туурлуу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, жалпы 56 жаран камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты. Алардын басымдуусу борбор калаада. Аймактар боюнча статистика төмөндөгүдөй:

  • Бишкек шаары — 40 жаран — 3 млн 562 миң 314 сом;
  • Чүй облусу — 5 жаран — 690 миң 564 сом;
  • Ысык-Көл облусу — 4 жаран — 1 млн 256 миң сом;
  • Жалал-Абад облусу — 3 жаран — 306 миң 163 сом;
  • Нарын облусу — 2 жаран — 104 миң 805 сом;
  • Ош облусу — 1 жаран — 150 миң сом;
  • Баткен облусу — 1 жаран — 67 миң 927 сом.

Эске салсак, ОСАГО – үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталган милдеттүү камсыздандыруу.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар