20-апрелде Кара-Суу районундагы Ынтымак айыл аймагындагы Ынтымак — Кызыл-Суу ички чарбалык жолунда Hyundai Accent үлгүсүндөгү унаа жардан кулап, Кочкор-Ата дарыясына түшүп кеткен.
Кырсыктан төрт киши каза болгон. Маркумдардын сөөктөрүн куткаруучулар суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Милиция кырсыктын жагдайларын иликтеп жатканы кабарланды.
Каза болгондор Кара-Суу районунун тургундары экени белгилүү болду. Ошондой эле алар Кара-Суу районунун Ак-Терек, Жаңы-Арык, Таш-Арык жана Ынтымак айылдарынын башчылары болгон.