Башкы беткеСаясат жана коомКоомУлуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон берилет

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тууралуу тескемеге кол койду. Чечимге ылайык, ар бир ардагерге 200 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам берилет.

Бул максатта Президенттин фондунан жалпы 4 миллион 848 миң сом бөлүнүп, каражат Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу, почта чыгымдарын эске алуу менен төлөнүп берилет.

Жардам төмөнкү категориядагы жарандарга каралган: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында жашы жете элек туткунда болгон адамдар, ошондой эле Ленинград блокадасы учурунда иштеп, «За оборону Ленинграда» медалы же «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган жарандар.

Бул чечим согуш ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүү жана алардын эмгегин урматтоо максатында кабыл алынды.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар