whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПакистан Афганистан өкмөтүнүн атышууларды токтотуу өтүнүчүн канааттандырууга даяр

Пакистан Афганистан өкмөтүнүн атышууларды токтотуу өтүнүчүн канааттандырууга даяр

Пакистан коргоо министри Хаваджа Мухаммад Асиф билдиргендей, эгерде Афганстандын өкмөтү согуштук аракеттерди токтотууну кааласа, Пакистан бул өтүнүчтү канааттандырууга даяр.

Пакистандык Samaa TV телеканалына берген маегинде министр Асиф эки өлкө ортосунда жарыяланган убактылуу ок атышууну белгилеп, “эгерде Афганстандын жетекчилиги атышууларды токтотууну чечсе, Пакистан макул болот, бирок эгер кайрадан куралдуу кагылышууларды улантуу чечими кабыл алынса, биз ага да даярбыз” деди.

Анын айтымында, Пакистан менен Афганистандын чек арасындагы кагылышуулар көп жылдан бери уланып келет. Министр Пакистан Сауд Арабиясы жана башка мусулман өлкөлөрү менен бул маселени жөнгө салуу боюнча байланышта экенин белгиледи.

Чек арадагы абал

9-октябрда Афганистандын борбору Кабул шаарында жарылуулар болуп, андан кийин Афган өкмөтү Пакистанды Марга жана Кабул аймактарындагы жардырууларга тиешеси бар деп айыптаган.

11-октябрда Афганистандын Пактия провинциясында эки өлкөнүн чек арадагы аскер бөлүктөрү ортосунда кагылышуу болгон. Афган өкмөтү билдиргендей, бул кагылышууда 58 пакистандык аскер каза болуп, 30у жаракат алган, көптөгөн курал-жарактар Афганистан тараптын колуна өткөн.

Афган өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид 9 афган жоокери курман болгонун айтып, атышуулар Катар менен Сауд Арабиясынын арачылыгы аркылуу токтотулганын маалымдаган.

Пакистан армиясы өз кезегинде 23 жоокери каза болуп, 29у жаракат алганын, ошондой эле Афган өкмөтүнө байланыштуу деп эсептелген 200дөн ашуун “террорист” жок кылынганын билдирген.

14-октябрда чек арада кайрадан атышуулар болуп, Афган тараптын маалыматына караганда, анда 12 киши каза болгон. Кабул Пакистанга жооп иретинде чабуул жасалып, “бир катар пакистандык жоокерлер өлтүрүлгөнүн” билдирген.

Пакистан армиясынын маалымат кызматы (ISPR) Афганистандын аскерлери Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы чек ара постторуна кол салганын, ал эми жооп иретинде 25–30 афган аскери жок кылынганын кабарлаган.

Спин-Болдак (Афганистан) жана Чаман (Пакистан) райондорундагы атышуулардан кийин Афган өкмөтү ок атышууну токтотууну өтүнгөн. Бүгүн Пакистан ТИМи Афганстандын өтүнүчүнүн негизинде эки өлкө 48 сааттык убактылуу ок атышууну макулдашканын билдирди.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар