Россия Кытай жарандары үчүн визасыз кирүүнү узартты

Россия президенти Владимир Путин Кытай жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берген жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Жарлыктын шарттарына ылайык, Кытайдын жарандары Россияга визасыз кирип, өлкөдө 30 күндөн ашык эмес жүрө алышат. Визасыз режим туризм, ишкердик сапарлар, илимий, маданий, коомдук-саясий, экономикалык жана спорттук иш-чараларга катышуу максатында колдонулат. Ошондой эле кытай жарандарына Россия аймагынан паспорт менен транзиттик өтүүгө уруксат берилет.

Бирок бул тартип төмөнкү жарандарга тиешелүү эмес:
— Россияда жашоо же иштөө үчүн келүүнү пландагандарга;
— окууга барууну каалагандарга;
— журналисттик иштерди жүргүзүүнү көздөгөндөргө;
— эл аралык автоунаа ташууларынын айдоочуларына, экипаж мүчөлөрүнө жана коштоп жүргөн котормочуларга.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди жана 2026-жылдын 14-сентябрына чейин жарактуу.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз