30-ноябрда Караколдо кышкы туристтик сезон расмий түрдө старт алды. Каракол лыжа базасы конокторду тосуп алууга даяр экенин жарыялады. Ачылышка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, туризм тармагынын өкүлдөрү, тургундар жана коноктор катышты.
Укук коргоо органдары курортто коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн нөөмөттө турат. Ысык-Көл облусунун туристтик полициясы да кадимки режимде иштеп, коноктордун коопсуздугун көзөмөлдөйт.
Мындан тышкары, аймак тейлөө сапатын жакшыртуу жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.


