Кыргызстандагы мектептерде кышкы каникул 12 күнгө белгиленди. Окуучулар 2025-жылдын 31-декабрынан 2026-жылдын 11-январына чейин эс алышат. Сабактар 12-январда кайра башталат.
Бирок бекитилген негизги окуу планына (БУП) ылайык, 12 жылдык билим берүү системасындагы биринчи класстын окуучулары үчүн каникул кошумча эки жумага узартылат. Алты жаштагы балдар үчүн эс алуу 2024-жылдын 24-декабрынан 2026-жылдын 18-январына чейин уланат.
Билим берүү министрлиги БУП өзгөртүлбөй турганын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, биринчи класстагы сабактар балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен 35 мүнөткө созулат.


