Бишкекте айрым жеке мектептерде окуу акысы 1,3 млн сомго чейин жетти

Бишкек шаарында айрым жеке мектептерде жылдык окуу акысы 1 млн 340 миң сомго чейин жетип, өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын баасынан да кыйла жогору болуп жатканы аныкталды. Мындай маалымат Мамлекеттик монополияга каршы күрөшүү кызмат 45 билим берүү мекемесине жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында белгилүү болгон.

Жеке билим берүү секторунда баалар чоң айырмачылыкка ээ — жылына 40 миң сомдон 1,34 млн сомго чейин жетет. Салыштыруу үчүн, Кыргыз улуттук университетинде окуу акысы 43 миң сомдон башталса, Кыргыз-Орус Славян университетинде 110 миң сомдон жогору. Ал эми Америка университети Борбор Азияда орточо 447 миң сомду түзөт.

Жарандардын арыз-даттанууларынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында монополияга каршы күрөшүү кызматы бир катар сунуштарды киргизди. Алардын ичинде окуу акысын убактылуу “тоңдуруу”, жылдык төлөмү 200 миң сомдон жогору болгон мектептердин чыгымдарын талдоо, ошондой эле төлөм түзүмүн ачык жарыялоо талаптарын киргизүү бар.

Мындан тышкары, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү регламенттерди иштеп чыгуу сунушталууда.

Адистердин айтымында, бул чаралар билим берүү рыногундагы бааларды жөнгө салууга жана ата-энелер үчүн ачык-айкын шарттарды түзүүгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз