Башкы беткеРубрикаларБилим берүү1-класска 56 миңден ашуун бала кабыл алынды

1-класска 56 миңден ашуун бала кабыл алынды

Кыргызстанда 1-класска кабыл алуу өнөктүгү уланууда. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы жүрүп жатат. Бул этапта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Учурда “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска 56 миңден ашуун бала катталды.

Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары — 8959,
  • Ош облусу — 11 898,
  • Жалал-Абад облусу — 10 581,
  • Чүй облусу — 6619,
  • Баткен облусу — 6384,
  • Ысык-Көл облусу — 4699,
  • Нарын облусу — 2699,
  • Ош шаары — 2171,
  • Талас облусу — 2532.

Министрлик билдиргендей, быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.

Ушуга байланыштуу ата-энелерге балдарын мектепке өз убагында каттоодон өткөрүү сунушталат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар