Башкы беткеРубрикаларАймактарОшто акимдердин орун басарларына кызматтык унаалар тапшырылды

Ошто акимдердин орун басарларына кызматтык унаалар тапшырылды

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратына жана 7 райондун акимдеринин орун басарларына жалпы 14 кызматтык унаа жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына 1 автобус берилди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жаңы унаалардын ачкычын президенттин өкүлү Элчибек Жантаев тапшырып, жетекчилерди жаңы унаалуу болушу менен куттуктады.

Белгилей кетсек, райондорго берилген Chevrolet Tracker жана Chevrolet CobaIt үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар жана 1 даана автобус 2025-жылы чыгарылган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар