Башкы беткеМаанилүүПаратриатлон: дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиевдин эмгеги белгиленди

Паратриатлон: дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиевдин эмгеги белгиленди

15-июлда «Ынтымак Ордодо» Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 29-июнда Испанияда өткөн турнирде PTVI (көзү начар көргөн спортчулар) категориясында паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону наамын жеңип алган паралимпиадачы Жалалдин Абдувалиев менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушууга паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Ханадеев, Жалалдин Абдувалиевди коштоп жүргөн гид-жол көрсөтүүчү Николай Ведмедь, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Айбек Абдымомунов жана паралимпиадачы Гүлназ Жузубаева катышты.

Эдил Байсалов өкмөт башчынын атынан Жалалдин Абдувалиевге жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды. Спортчуга күчтүү руху, спортко берилгендиги жана өлкөнү эл аралык аренада татыктуу көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиев өз кезегинде мамлекетте параспортту өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатканына ыраазычылык билдирди. Ал республиканын жетекчилигинин колдоосу анын тырышчаактык менен машыгуусун улантууга, жаңы спорттук бийиктиктерге жетүүгө жана Кыргызстанды эл аралык аренада сыймыктануу менен көрсөтүүгө дем берерин белгиледи.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар