whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.02.2026
5.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү“Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

“Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты — виртуалдык активдер чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногунун туруктуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу.

Документте “стейблкоин (stablecoin)” түшүнүгүнүн аныктамасы такталып, мыйзам “реалдуу актив менен камсыздалган токен (Real World Asset Token — RWA Token)”, “мамлекеттик майнинг”, “мамлекеттик криптовалюта резерви” сыяктуу жаңы түшүнүктөр менен толукталды.

Мыйзамга ылайык, виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды киргизүүгө байланыштуу коомдук мамилелерди апробациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти белгилүү бир мөөнөткө өлкөнүн айрым аймагында атайын жөнгө салуучу режимди (жөнгө салуучу пилоттук чөйрө) киргизүүгө укуктуу.

Мындан тышкары, виртуалдык активдер тармагындагы саясатты жана жөнгө салууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берери белгиленет.

Виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр иш жүргүзүү үчүн лицензия алуу максатында ыйгарым укуктуу органга тиешелүү арыз менен кайрылууга тийиш.

Ошондой эле мыйзамда майнинг жүргүзгөн жактар бул мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Каттоодон өткөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар сертификат алган күндөн тартып майнинг ишин мыйзамдуу негизде жүргүзө алышат.

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар