Башкы беткеСалык кызматыСалыктык карыздарды банктык эсептен алуунун тартиби кандай?

Салыктык карыздарды банктык эсептен алуунун тартиби кандай?

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов банктык эсептен салыктарды алып коюунун жол-жобосун түшүндүрүп берди.

“Салык чыккан учурда жарандарга бизден билдирүү барат. Өткөн жылдан бери уюлдук телефонго салык төлөө зарылдыгын билдирген смс билдирүү да барат. Билдирүү баргандан кийин жарандар бир айдын ичинде (30 күн) салыктарын төлөшү керек. Бирок, салык төлөөчүлөр кайдыгер карап, убагында төлөбөй койгон учурда туумдары эки эселеп көбөйүп кетүүдө. Бүгүнкү күндө статистиканы карап көрсөк, 435 миңден ашык жарандын салыктык карыздары бар. Жарандар тарабынан төлөө талаптары аткарылбай, бардык процедуралар бүткөндөн кийин банк, уюмдар же мекемелер аркылуу эсебиндеги каражаттан карызы болсо алынат. Себеби, канча бир убакыт өткөндөн кийин салыкты эки эселеп төлөбөш үчүн убагында жарандын карызы төлөнүп калат. Бул биринчиден жарандарга шарт түзүп, экинчиден биздин бюрократиялык процедураларды жеңилдетүүчү жакшы механизм”, — деп белгиледи Рахманов.

Ошондой эле бул процедураларда салык органдары тарабынан банктык купуялуулук сакталгандыктан, жарандар үчүн кооптонууга негиз жок экендиги кошумчаланды.

Гезит

Война и вода

Ахиллесова пята пустынных стран      Ближний Восток десятилетиями жил в парадигме «нефть в обмен на безопасность». Нефть и газ давали деньги, но именно опреснение дало...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар