Адылбек Касымалиев Орусия президенти менен жолукту

0
19090

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон жумуш сапарын ийгиликтүү аяктады.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген форматтагы жыйындарына катышты. Жыйында мүчө мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугуп, уюм алкагындагы кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары менен бирге Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуу болду. Жолугушууда регионалдык коопсуздук жана экономикалык өнүгүү боюнча маселелер каралды.

Иш сапар 18-ноябрда жыйынтыкталып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошол эле күнү кечинде Бишкек шаарына кайтып келди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз