Орусия курал базарында экинчи орунда

0
8431

Дубайда ачылган Dubai Airshow 2025 — тарыхтагы эң ири авиация көргөзмөсү болуп калды. Иш-чарага авиация, космос жана коргонуу тармагындагы 115 өлкөдөн 1500дөн ашык компания катышып, 200дөн көп учак көргөзмөгө коюлду.

Орусия бул көргөзмөгө бешинчи муундагы жашыруун кыйраткыч учагы Су-57 жана анын экспорттук версиясы Су-57Эни алып чыкты. Алгачкы жолу учактын мурда көрсөтүлбөгөн жашыруун ракеталык отсектери ачылып, анда «аба-аба» жана «аба-жер» класстарындагы ракеталар жайгашканы көрсөтүлдү.

Military Watch Magazine Су-57Эге өзгөчө көңүл бурду — анын ПВО системаларын басаңдатууга арналган жаңыланган Х-58УШКЭ ракетасы баса белгиленди.

Көргөзмөдө америкалык F-35 кыйратуучу учагы да көрсөтүлдү. Анын экспорттук баасы болжол менен 100 млн доллар.

Су-57Э болсо азырынча экспортко сатылган эмес — анын баасы жана толук мүнөздөмөлөрү расмий жарыяланган жок.

Эксперттердин баамында, эки учак тең Жакынкы Чыгыштагы коргонуу бюджеттери үчүн негизги атаандаштар болууда. Алар алгач Aero India 2025 көргөзмөсүндө катар көрсөтүлгөн.

2024-жылы Оруссиянын курал-жарак экспорту олуттуу, 47%га кыскарганына карабастан, өлкө дүйнөлүк базарда экинчи орунду сактап калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз