Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев Москвада өткөн ШКУ Өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

Адылбек Касымалиев Москвада өткөн ШКУ Өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

 Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы жана Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына тар форматта катышты.

Иш-чара делегация башчыларынын Россиянын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусунан башталып, андан соң салттуу топтук сүрөткө түшүү аземи өттү.

Тар чөйрөдөгү жыйында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кеңири талкуу жүргүзүштү. Делегациялар глобалдык экономиканын учурдагы чакырыктарын карап чыгып, уюм аймагындагы интеграцияны күчөтүүнүн негизги багыттарын белгилешти.

Мындан тышкары, ШКУ ичиндеги өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, жалпы экономикалык инструменттерди өнүктүрүү жана ар тармактарда кызматташууну жакшыртуу маселелерине басым жасалды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар