Кыргызстан санариптик экономикада

Жакында Кыргызстан биринчи улуттук стейблкоин — KGST чыгарды. Ал улуттук валютага — сомго 1:1 катышта байланганы тууралуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик билдирген. Белгилей кетсек, Кыргызстан соңку убактарда санариптик каржы тармагында жаңы долбоорлорду алып чыгып, Борбор Азия боюнча өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

Айтылдгандай, KGST токени BNB Smart Chain (BSC) блокчейнинин негизинде иштелип чыккан жана аудиттик текшерүүдөн өткөн Кыргызстандын алгачкы жана жалгыз санариптик акча бирдиги. Анын резервдик камсыздоосу мамлекеттик банктарда сакталат. Стейблкоин KYC/AML эл аралык стандарттарына ылайык, коопсуздук жана колдонуучуну аныктоо процедураларын толук камтыйт.

Биринчи этапта KGST Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү криптобиржаларда колдонууга чыгат. Кийин ал Binance, Coinbase сыяктуу ири эл аралык аянтчаларда да жайгаштырылмакчы. Жакынкы аралыкта KGSToken үчүн атайын мобилдик колдонмо да сунушталары айтылды. Эмиссияны жүргүзгөн компания – ОсОО «KGSTOKEN» экендиги да маалымдалды.

Санариптик экономика:крипвалюта жана криптобиржа

Акыркы жылдары дүйнө жүзү санариптик экономикага басымдуу кадам таштап, акчанын жаңы түрү – криптовалюта өз ордун табууда. Криптовалюта – бул блокчейн технологиясынын негизинде түзүлгөн, борбордук банк же өкмөт көзөмөлдөбөгөн, толугу менен санариптик формадагы акча. Ал дүйнөнүн каалаган бурчунан ыкчам жана коопсуз түрдө жөнөтүлүп, алмаштырылат жана сакталат.

Ал эми криптобиржа – бул адамдар жана компаниялар ар түрдүү криптовалюталарды сатып алып же сатып, соода жүргүзө алыша турчу аянтча же платформа. Дүйнөдөгү эң белгилүү биржалардын катарына Binance, Coinbase, Bybit сыяктуу ири криптоаянтчалар кирет.

Binance

Вinance 2017-жылы түзүлгөн. Негиздөөчүлөрү: Чанпенг Чжао (Changpeng Zhao, “CZ”) жана Yi He.  Чанпенг Чжао (Changpeng Zhao, “CZ”)  дүйнөдөгү эң бай 100 инсандардын катарында жана 2025-жылдын 3-майынан бери Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровтун кеңешчиси. Башында компания Кытайда түзүлгөн, бирок криптовалюталарга коюлган чектөөлөрдөн улам Канада, Жапония, Мальта ж.б. өлкөлөргө көчүп кеткен. Дүйнөдө транзакция көлөмү боюнча эң ири биржалардын бири. Криптовалюталар, спот жана деривативдик соодалар, дүйнө боюнча белгилүү колдонуучулар менен иштешип
келет.

Coinbase

Сoinbase 2012-жылы июнда түзүлгөн. Брайан Армстронг (Brian Armstrong) жана Фред Эрсам (Fred Ehrsam) тарабынан негизделген. Булар да дүйнөдөгү белгилүү миллиар-
дерлердин катарында. АКШда катталган, жөнөкөй жана пайдаланууга ыңгайлуу интерфейси менен белгилүү биржа. Регулятордук талаптарга
жооп берүү, мыйзамга ылайык иш алып барууда өзүнө чаң жугузбайт. Колдонуучуларга криптовалюталарды сатып алуу, сатуу, сактоо мүмкүндүгүн
берет.

Bybit Bybit

Бул 2018-жылы түзүлгөн. Дүйнөлүк санариптик экономика тармагындагы белгилүү ишкер Бен Жоу (Ben Zhou) тарабынан негизделген. Деривативдик (фьючерс) же каржы каражаттарын өндүргөн соодаларга жана алмашуунун активдүү түрлөрүнө басым жасаган платформа. Жаңы криптобазарында жана белгилүү колдонуучулар менен
иштешет.

Кыргызстандын крипто дүйнөсүнө кадамы

Кыргызстан бул жаатта Борбор Азиядагы алгачкы жана активдүү өлкө болуп калды. 2025-жылдын 24-январында өлкөдө биринчи мамлекеттик криптобиржа – Coin National Exchange ишин баштады. Бул – мамлекеттин санариптик экономикага болгон ишенимин жана келечекке карай жасаган стратегиялык кадамын көрсөтөт. Биржанын негиздөөчүсү – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, ал эми долбоорго 100 миллион сом бюджеттик каражат бөлүнгөн. Компания ачык акционердик коом катары Юстиция министрлигинде катталган. Биржанын жетекчиси Бийболот Мамытов маалымдагандай, максаты – Кыргызстанды санариптик технологиялардын аймагында регионалдык хабга айлантуу, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуу.

Платформада азырынча эң ири жана ишенимдүү криптовалюталар – Bitcoin (BTC), Ethereum (ETH), Tether (USDT) жана башка монеталар жеткиликтүү болот. Ошол эле учурда ар бир актив эл аралык стандарттарга ылайык кылдат тандалаары боюнча адистер билдиришкен.

Coin National Exchange эл аралык коопсуздук нормаларына жооп берүү максатында бир катар катаал эрежелерди киргизет:

  1. KYC (Know Your Customer) – колдонуучунун инсандыгын текшерүү;
  2. KYT (Know Your Transaction) – транзакцияларды көзөмөлдөө жана мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу;
  3. FATF сунуштары – акча адалдоого каршы чараларды колдонуу.

Мындан тышкары, биржа дүйнөлүк аналитикалык платформалар – мисалы, Crystal менен кызматташып, ар бир операциянын ачыктыгын камсыздайт. Бул кадамдар кыргыз криптобиржасын эл аралык деңгээлдеги ишенимдүү аянтчага айлантууга багытталгандыгы боюнча маалыматтар берилүүдө.

Эл аралык тажрыйба жана сабактар

XXI кылымдын эң чоң экономикалык өзгөрүүлөрүнүн бири – бул санариптик акча же криптовалютанын жаралышы жана дүйнөлүк базарга чыгуусу болду. Бүгүнкү күндө криптовалюталар жөн гана альтернатива эмес, жаңы экономикалык экосистеманын негизи катары калыптанып жатат.

Мамлекеттик криптовалюта дол-боорлору дүйнөдө мурда да ишке ашкан. Мисалы, Венесуэла 2018-жылы өзүнүн Petro деген мамлекеттик криптовалютасын чыгарган, бирок ал долбоор коррупциялык маселелер жана экономикалык кыйынчылыктардан улам ийгиликке жеткен эмес. Бул мисал Кыргызстан үчүн олуттуу сабак болуп бере алат – мамлекеттик криптодолбоорлор ишенимге, ачыктыкка жана реалдуу экономикалык негизге таянуусу керек.

2024–2025-жылдарга карата дүйнөлүк криптовалюталык рыноктун жалпы капитализациясы 2,4 триллион доллардан ашты. Анын ичинен эң чоң үлүштөр төмөнкүдөй:

Bitcoin (BTC) – 50% дан ашык үлүшкө ээ;

Ethereum (ETH) – болжол менен 17%;

Калган бөлүгүн – Tether (USDT), Binance Coin (BNB), Solana (SOL) жана башка стабилдүү же инновациялык токендер түзөт.

Криптовалютанын эң активдүү колдонуучулары катары АКШ, Индия, Кытай, Вьетнам, Бразилия жана Түркия өлкөлөрү саналат. Бирок акыркы жылдары Африка, Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрүндө да бул тармак тездик менен өнүгүүдө.

 АКШ – криптовалютанын жана блокчейн технологиясынын глобалдык борборлорунун бири. Бул жерде Binance.US, Coinbase сыяктуу ири биржалар иштейт. Мамлекет крипто секторун финансылык көзөмөл системасына киргизип, ар бир операцияны KYC жана AML (акча адалдоого каршы) механизмдери аркылуу көзөмөлдөйт. Бир катар штаттар – айрыкча Калифорния, Техас жана Нью-Йорк – криптоинновацияларды колдогон мыйзамдык чөйрөлөрдү түзөт жана бул аймактарда криптобиржа тармагы эң мыкты өнүккөн.

Мындан тышкары, АКШнын Федералдык резерв системасы (ФРС) да санариптик доллар (Digital Dollar) долбоорун изилдеп жатканы айтылууда.

Кытай – 2021-жылы жеке криптовалюталарга катуу чектөө койгон. Бирок ошол эле учурда мамлекет өзүнүн санарип валютасын – e-CNY (санарип юань) иштеп чыгып, пилоттук режимде ишке киргизди. Бул система Бээжин, Шэньчжэнь жана Шанхай сыяктуу ири шаарларда сыноодон өттү. Санарип юань — бул дүйнөдөгү эң ири CBDC (Central Bank Digital Currency) долбоорлорунун бири болуп калды. Негизги максаты акча жүгүртүүнү тездетүү, көзөмөлдү жогорулатуу жана транзакцияларды арзандатуу экени маалымдалат.

Сингапур – криптовалюталарга либералдуу саясат жүргүзүп келет. Бул өлкөдө Binance, Bybit, Crypto.com сыяктуу ири компаниялардын аймактык штабдары жайгашкан. Мамлекет санариптик активдер боюнча лицензиялык системаны ишке киргизип, инвесторлорду жана блокчейн стартаптарын тартууда. Бул саясат Сингапурду Азиядагы финтех жана крипто борборлорунун бири кылып
көрсөттү.

Европанын көптөгөн өлкөлөрү, анын ичинде Швеция, Германия, Франция санариптик евро (Digital Euro) долбоорун колдоп жатышат.

Швециянын борбордук банкы – Riksbank – дүйнөдө эң алгачкы электрондук крона (e-krona) сынагын баштаган. Бул система накталай акчаны баскыч-баскыч менен санариптик формага өткөрүүгө багыттал-
ган.

Сальвадор – 2021-жылы дүйнөдө биринчи болуп биткойнду расмий төлөм каражаты катары кабыл алган. Өлкө өзүнүн «Bitcoin City» долбоорун куруп, тоо жанындагы геотермалдык энергияны пайдаланып, криптомайнингге инвестиция тартууда. Бул дүйнөлүк коомчулукта кызуу талкуу жараткан, бирок Сальвадор үчүн инвестиция тартуунун жана технология өнүктүрүүнүн жаңы жолу болуп калганын бир катар дүйнөлүк маалымат булактары билдирет.

Келечек жана мүмкүнчүлүктөр

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан бүгүн дүйнөдө криптовалютаны кабыл алуу боюнча 19-орунда, ал эми Борбор Азия боюнча биринчи орунда турат. Бул –өлкөдө санариптик реформалардын, блокчейн-технологияларын жана финансы инновацияларын өнүктүрүүгө болгон олуттуу кадамдардын натыйжасы. Мындай билдирүүлөр, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында  24-октябрда Бишкек шаарында өткөн Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйынында айтылган.

Маалыматта көрсөтүлгөндөй, бул тармакта өлкө баюнча санариптик жана каржылык сабаттуулукту жогорулатуу, IT жана блокчейн адистерин даярдоо, мамлекеттик банктар менен интеграция аркылуу криптооперацияларды жөнөкөйлөтүү, эл аралык биржалар менен өнөктөштүк мамиле түзүү (мисалы, Binance жана Bybit) сыяктуу иштерди активдүү алып баруусунун зарылдыгы тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырылган.

Кыргызстан – Борбор Азияда виртуалдык активдер тууралуу мыйзам кабыл алган алгачкы өлкөлөрдүн бири. Ошондой эле өлкөдө, мыйзамдуу иш алып барган майнинг компаниялары да бар.  Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында эле майнинг компаниялар 77 миллион сомдон ашык салык төлөшкөн. Ал эми 2024-жылдын жети айында бул көрсөткүч 44,5 мил-лион сомду түзгөн. Кыргызстанда майнинг компаниялар мыйзамдуу иштеши үчүн атайын каттоо жана сертификат алуу талап кылынат. Майнинг ишмердүүлүгүнүн эң чоң көйгөйү – энергиянын чоң сарп-талышы. Бир гана майнинг фермасы ондогон үй-бүлөнү камсыз кыла турган көлөмдө электр колдонот. Ошондуктан энергетика тармагындагы адистер бул багытта атайын тарифтерди жана квоталарды киргизүү зарылдыгын белгилеп келишет. 2024-жылы Ош облусунун айрым райондорунда мыйзамсыз майнинг фермалары аныкталып, 900дөн ашык жабдуу конфискацияланган. Бул – тармакты көзөмөлдөө дале олуттуу маселе экенин көрсөтөт.

Криптовалютанын терс жактары жана тобокелчилиги

Криптовалюта заманбап экономикада инновациялык ачылыш болсо да, анын терс жактары жана тобокелчиликтери бир канча. Адистер санариптик активдерди колдонууда сак болууну сунушташат. Жана бул тармакта каржы сабаттуулугуна ээ болбой туруп, иш жүргүзүү бир топ опурталдуу экенин белгилешет.

  1. Курстун туруктуулугунун жоктугу

Криптовалюталардын баасы абдан өзгөрмө (волатильдүү). Мисалы, Bitcoin жана Ethereum бир күндө эле миңдеген долларга көтөрүлүп же түшүп кетиши мүмкүн. Бул инвестициянын тобокелчилигин жогорулатат.

  1. Мыйзамдык чектөөлөр жана регулятордук тобокел

Ар кайсы өлкөлөрдө криптовалютаны колдонууга карата мыйзамдар ар кандай. Айрым мамлекеттерде ал толук тыюу салынган, ал эми Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө мыйзам менен жөнгө салынууда. Бул абал колдонуучулар үчүн саясий жана укуктук тобокел
жаратат.

  1. Мыйзамсыз аракеттер жана киберкоркунучтар

Криптовалюта менен акча жуу, хакердик чабуулдар да болгон учурлар бар. Биржаларга чабуул жасалышы мүмкүн, анткени бардык транзакциялар онлайн жүргүзүлөт. Ошондуктан коопсуздук чаралары, KYC жана KYT системалары өтө маанилүү.

  1. Инвестициялык жана финансылык тобокелчилик

Көп адамдар криптовалютаны “тез киреше табуу” максатында сатып алат. Бирок, жоготуу коркунучу чоң, анткени санариптик активдер бир күндө
баасын жоготушу мүмкүн.

  1. Экологиялык тобокелчилик

Кээ бир криптовалюталарды иштеп чыгуу (майнинг) көп энергия сарптоону талап кылат. Мисалы, Bitcoin майнинги дүйнөдө көбүрөөк көмүр жана электр энергиясын колдонууга алып келет, бул экологияга терс таасирин тийгизет. Андан сырткары, каржы сабаттуулугу жок инсандар,  инвестиция жүргүзүү максатында каржы пирамидасы сыяктуу шылуундарга кириптер болуп калган фактылар көп. Андыктан, санариптик экономика же электрондук акча жүгүртүү тармагында иш алып баруу үчүн, алгач бул тармак боюнча окуп-үйрөнүү зарылдыгын тиешелүү адистер белгилешет.

Санарип акча доору

Кыргызстандын мамлекеттик криптобиржасы – бул жөн гана жаңы платформа эмес, санариптик мамлекетке өтүүнүн символу экенин белгилүү экономисттер белгилешет. Эгерде долбоор эл аралык стандарттарга ылайык иштесе, колдонуучулардын коопсуздугу жана ишенимин сактай алса, анда Кыргызстан Борбор Азиядагы санариптик борбор болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бул жаңы доор – дүйнөлүк экономиканын жүрөгүндө орун алган санарип акчанын доору. Ал эми Кыргызстан бул өзгөрүүнүн четинде эмес, анын өзөгүндө болууну көздөйт. Дүйнөдө алдыдагы  жылдарда санариптик экономика дагы өсүп, алтын, күмүш жана баалуу акциялар менен кошо криптовалютанын айрым түрлөрү чоң өсүшкө ээ болоорун белгилүү каржы эксперти Роберт Кийосаки, башка дагы бир нече экономисттер белгилешет. Кыргыз жетекчилеринин криптовалюта рыногунда орчундуу орунга ээ болууга карай кадамдары дүйнөлүк экономиканын реалдуулугу экени чындык.

Гүлмайрам Рахманбердиева, Кыргыз Туусу

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз