Башкы беткеСоциалдыкКыргызстан социалдык азыктын 6 түрү менен өзүн толук камсыздайт

Кыргызстан социалдык азыктын 6 түрү менен өзүн толук камсыздайт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, өлкө төмөнкү азыктар боюнча ички муктаждыгын толук жабууда:

  • картошка;

  • сүт;

  • эт;

  • жашылча-жемиштер;

  • жумуртка;

  • кумшекер.

Ал эми дагы үч ата мекендик азык-түлүк толук эмес көлөмдө өндүрүлүп, импорттун эсебинен жарым-жартылай камсыздалат:

  • нан азыктары (дан);

  • өсүмдүк майы;

  • мөмө-жемиш.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2024-жылдан бери Кыргызстан кумшекер менен 100% камсыздалып келет. Эт боюнча өлкө уй жана кой эти менен ички керектөөдөн ашык көлөмдө өндүрүүдө. Тоок этин өндүрүүнү жогорулатуу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат.

Ички өндүрүш көбөйгөндүктөн, жумуртканын сырттан ташылышына тыюу салынган. 2025-жылдын август–январь айларына карата өндүрүштү туруктуу кармоо боюнча кошумча чаралар да көрүлүүдө.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар