Башкы беткеМаанилүүОСАГОнун пайдасы тийип жатабы?

ОСАГОнун пайдасы тийип жатабы?

Адатта кыш мезгилинде жолдор тайгак болуп, жол кырсыктары да көбөйөт. Кыргыз айтмакчы, “кырсыктын бетин ары кылсын” дейли. Ошондой болсо да мындай учурда бардык айдоочулар милдеттүү түрдө өткөн камсыздандыруунун пайдасы канчалык тийип жатат, деги эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бул жылы канча адамга компенсация төлөп берди ушуну сураштырып көрдүк.

ОСАГО эмнеге керек?

Камсыздандыруунун 2 түрү бар, биринчиси ОСАГО. Экинчиси КАСКО. Айдоочу ОСАГО алган болсо, ошол айдоочу өзү жол кырсыгында күнөөлүү деп табылса экинчи тараптын чыгымын Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (ОСАГО) төлөп берет.

Ал эми КАСКО болсо, кырсыкка кабылган айдоочунун унаасынын чыгымын төлөйт. Бул жерде ОСАГО менен КАСКОну чаташтырбашыбыз керек. Эгерде, кырсык болгон учурда күнөөлүү болсоңуз, сиздин да, экинчи унаанын да чыгымын камсыздандыруу уюму төлөөсүн кааласаңыз, анда ОСАГО жана КАСКО экөөнөн тең өткөн болушуңуз абзел.

Ден соолукка зыян келген учурда

Финансылык көзөмөл кызматынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө  1 мамлекеттик жана 14 жеке компания камсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Расмий органдын сайтында жазылгандай, адам өмүрү кыйылган учурда 300 миң сом, майып болуп калган учурда 100 миңден 200 миң сомго чейин, денеден жаракат алган учурда 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт.

Жабырлануучулардын ар бирине 150 миң сомго чейин,
бирок, 450 миң сомдон көп эмес акча төлөнүп берилери көрсөтүлгөн.

ОСАГО канча төлөп берди?

Камсыздандыруу компаниясы төмөнкүдөй маалымат берди. Ага ылайык, өлкө боюнча 371 миң 648 үй камсыздандыруудан өткөн. Мамлекеттик каттоо кызматында жалпы 1 млн. 251 миң 515 үй каттоодон өткөн. Турак жайын камсыздандыргандар мунун 29,70 пайызын түзөт. 2025-жылдын 31-октябрына карата 219 жаранга 27 797 974 сом компенсация төлөнгөн.

Ал эми 1 млн. 778 миң 901 унаа каттоодон өткөн болсо, алардын 326 миң 176сы ОСАГО алган. Бул жалпы санынын 18,34 пайызына тең. Ушул жылдын октябрь айына карата 53 кишиге 48 миллион 569 миң 665 сом кенемте төлөнгөн.

Ал эми жалпы жонунан 567 кишиге Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 52 млн. 598,590 миң сомдук кенемте берилген.

Чыгымды көз карандысыз эксперт баалайт

Бишкек шаарынын тургуну Тилек Жуматаевдин айтымында, ОСАГОдон кенемте алуу бир топ убакытты талап кылат. Андыктан көпчүлүк жарандар кырсык учурунда камсыздандырууга кайрылбай жатышат.

“Мен ушул жылдын жай айында кырсыкка кабылдым. ОСАГОго чалсам, алар МАИ кызматкерлерин чакыргыла деди. Ооба, мен күнөөлүү болдум. Бирок, МАИ кызматкерлерин чакырган жокпуз, анткени алар экөөбүзгө тең беш миң сомдон айып салып, унааны айып короосуна алып кирип, көз карандысыз экспертти чакырат экен. Ал эксперттин жыйынтыгы чыкмайынча унаа айып короодон чыгарылбайт. Ал жерге болсо, күнүнө жүз сомдон төлөө керек. Эки машинанын төлөмдөрүн жалпы эсептесем 20 миң сомдон ашып кетчүдөй экен. Бирок, камсыздандыруучу компания канча сомду төлөп бермек билбейм, мен өз убактымды үнөмдөдүм.

Менин кошунам кырсыкка кабылганына 2 ай болуп калды. Бүгүнкү күнгө чейин компенсация ала элек. Ушул сыяктуу окуяларды көп эле угуп жатам. Америка сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруучу компаниянын өкүлдөрү өздөрү барып, жеринен баалап беришет”, – деди Тилек Жуматаев.

Камсыздандыруу полиси жокторго айып пул салынат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулуна байланышып, камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга кандай чара көрүлө турганын сурадык.

“Жол тескөөчүсү айдоочуну токтоткон учурда камсыздандыруу полисин сурайт. Эгерде, айдоочуда ал жок болсо, үч миң сом өлчөмүндө айып пул салынат”, – деди ал.

Жыйынтыктаганда

Кыргызда “Кудай сактансаң сактайм дейт” деген жакшы кеп бар. Чынында кырсыктан алыс бололу, ар бирибиз жол эрежесин так сактасак кырсыктын алдын алууга чоң салым кошкон болобуз. Ал эми камсыздандыруу уюму канчалык эффективдүү иштеп жатат, жарандардын көңүлүнө толуп жатабы ага көз салып турабыз.

Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар