Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берди.
Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо участогунда өз добуштарын салышты.
Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Президент ЖМК үчүн билдирүү жасап, анда шайлоодогу добуш берүү процесси толугу менен автоматташтырылганын баса белгиледи. Башкача айтканда, мурдагыдай болуп, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого алып келиши мүмкүн болгон адам факторунун кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
“Эсиңиздерде болсо, мурда бюллетендерди таштоолор жана шайлоо процессине башка кийлигишүүлөр болгон. Азыр андай жок жана болбойт. Мындан тышкары, шайлоочулар эгерде мүмкүнчүлүгү жок болсо, мисалы, Алайга, Ала-Букага, Чаткалга же Ат-Башыга барбай эле, эң жакын шайлоо участогунда добуш бере алышат”, — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы кыргызстандыктарга кайрылып, кийинки шайлоолордо да заманбап технологиялар колдонулаарын, алар мындан ары да жакшыртыла берерин белгиледи.
«Азыр “Түндүк” тиркемесиндеги санариптик паспорт менен да добуш берүүгө болот. Процедура толугу менен автоматташтырылган, мен азыр 5 мүнөттүн ичинде биометрикалык каттоодон өтүп, добуш бердим. Шайлоо процессине эч кандай кийлигишүү болушу мүмкүн эмес. Шайлоочуларды сатып алуу маселеси гана калууда. Бирок, тиешелүү органдар мындай аракеттерге ыкчам жооп кайтарышат”, — деди Мамлекет башчысы.
Ал ошондой эле чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине көңүл бурду. Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн өлкө тышында 100гө жакын, анын ичинде Америка Кошмо Штаттарында, Россияда, Казакстанда, Европа өлкөлөрүндө участоктор ачылган.
«Парламенттик шайлоого активдүү катышып, шайлоо тилкесине “Кыргызстандын келечеги менин добушумдан көз каранды” деген ишеним менен келиңиздер”, — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров жана шайлоочуларды мамлекеттин таза шайлоо өткөрүү аракетин колдоого, добуш берүүгө активдүү катышууга жана жарандык милдеттерин аткарууга чакырды.


