Бүгүн, 30-ноябрда, өлкө боюнча бардык шайлоо участоктору саат 8:00дө эшигин ачып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү жараяны башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымдады.
БШК төрагасынын айтымында, республика боюнча жалпысынан 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 алыстан добуш берүү участкасы жана чет өлкөлөрдө жайгашкан 100 участок ишин баштады.
Шайназаров белгилегендей, быйыл өлкө тарыхында биринчи жолу жарандар алдын ала арыз бербестен алыстан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатат.
Анын ичинде адамдар көп чогулган жана убактылуу жүргөн жерлерде – ири базарларда, соода борборлорунда, медициналык мекемелерде, ошондой эле жетүүгө кыйын аймактардагы Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй, Бозымчак жана башка объектилерде жайгашкан 27 атайын участоктор да иштеп жатат.


