Кыргызстанда акыркы үч жыл ичинде 50 200 адамда вирустук гепатит аныкталды. Бул тууралуу Кан аркылуу таралган вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү борборунун директору Үмүткан Чокморова билдирди.
Маалыматка ылайык, оорулуулардын ичинен 32 247 адам В гепатити, ал эми 17 953 адам С гепатити менен ооруган.
Үмүткан Чокморованын айтымында, республика боюнча 2 миллионго жакын адам гепатитке анализ тапшырган, бул ооруну эрте аныктоодо маанилүү кадам болуп саналат.
Ошондой эле, 186 миң жаран В гепатитине каршы үч дозадан турган вакцина алган. Эмдөө 2022-жылдан бери чоңдор үчүн бардык клиникаларда бекер жүргүзүлүүдө.
Борбордун маалыматына караганда, гепатит жана сарык ооруларын дарылоо да акысыз жүргүзүлүүдө. Адистер белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө гепатитке каршы күрөштө оң натыйжалар байкалууда.
Буга чейин Республикалык иммунопрофилактика борбору 2000–2020-жылдар аралыгында В гепатитине чалдыккандардын саны 14 эсеге, ал эми балдар арасында 145 эсеге азайганын билдирген.

