Башкы беткеМаанилүүБишкектеги жаңы стадион «Азаттык Арена», ал эми конгресс-холл «Ырыс Ордо» деп аталат

Бишкектеги жаңы стадион «Азаттык Арена», ал эми конгресс-холл «Ырыс Ордо» деп аталат

 Бишкектин четинде курулуп жаткан 51 миң орундуу жаңы стадионго “Азаттык Арена”, ал эми президенттик резиденциянын жанындагы жаңы конгресс-холлго “Ырыс Ордо” деген ат ыйгарылды.

Бул тууралуу ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча уюштуруучулук комитеттин жыйынында анын төрагасы Каныбек Туманбаев билдирди.

“Биз объекттердин аталыштарын президент менен кеңешүүдөн кийин талкуулап, бекиттик. Бул — өлкө үчүн тарыхый чечим, анткени мындай ири долбоорлор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашууда”, — деди Туманбаев.

“Азаттык Арена” стадиону 51 миң орундуу болуп курулуп жатат (башында 45 миң орун деп пландалган). Ал жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттары өтөт.

Ал эми “Ырыс Ордо” конгресс-холлу президенттик администрациянын («Ынтымак Ордо») жанында жайгашып, 2026-жылдагы ШКУ саммитинин негизги аянтчасы болот.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар