Ливия жээгинде кайык кырсыгынан ондогон мигрант дайынсыз болууда

Ливиянын жээгинен 70 деңиз мили аралыкта болгон кайык кырсыгынан ондогон мигрант дайынсыз жоголду. Учурда 30дан ашуун адам куткарылып, эки адамдын сөөгү табылды.

Маалыматка ылайык, кайыкта жалпысынан 105 адам — аялдар, эркектер жана балдар болгон. Алар Ливиянын Тажура аймагынан чыгып, деңизге бет алышкан. Бирок катуу аба ырайынын шартында кайык сууга толуп, бир нече сааттан кийин оодарылып кеткен.

Куткарылган адамдар окуя болгон аймактан өтүп бара жаткан эки соода кемеси тарабынан аман алып калынган. Алар жекшемби күнү Италиянын Лампедуза аралына жеткирилди.

Азыркы учурда дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин Ливиянын жээк күзөтү жүргүзүүдө.

Укук коргоочулар бул трагедияны Европада коопсуз жана мыйзамдуу миграция жолдорунун жетишсиздиги менен байланыштырышууда.

БУУнун миграция боюнча маалыматына ылайык, жыл башынан бери кеминде 683 мигрант каза болгон же дайынсыз жоголгон. Ошол эле учурда Италияга 6 миңден ашуун адам келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз