whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЖол курулушуна көзөмөл күчөтүлөт

Жол курулушуна көзөмөл күчөтүлөт

Кечээ, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын шаарынын Ленин жана Ж.Шералиев атындагы көчөлөрүнүн курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга шаар башчысы, жол ишканасынын, жол куруучу компаниянын, укук коргоо органдарынын, Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчилери, долбоорлоо институтунун жана башка тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү  катышты.

Облус башчысы шаар жолунун курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана “Бета групп”курулуш компаниясы эмне себептен курулушту кечеңдетип жатканынын себептерин жооптуу кызматкерлерден сурады. Жол курулушун жүргүзгөн компаниясынын иш көлөмүн аткаруудагы мүчүлүштүктөрү, курулушка тартылган техниканын саны, жумушчулардын санын тактады. Убакыт тар экенин белгилеп,  жергиликтүү бийлик менен биргеликте, жумушчулардын, техниканын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо тапшырмасын берди. Ар бир кызматтан ачык-айкын маалымат берип, маселени чогуу чечүүгө чакырды.

Н.Сатаров эл тарабынан айтылып жаткан сындар негизинен  туура экенин белгилеп, көзөмөл бардык тараптан жүргүзүлөрүн эскертти.

Эске салсак, 2025-жылы Нарын шаарынын негизги Ленин көчөсүнүн 9,5 км курулушу сентябрь айында, ал эми 2,3 км Ж.Шералиев көчөсүнүн курулушун тездетип, 10-августта бүткөрүү сунушталган.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар