Башкы беткеЖогорку КеңешДостук айылы эмне үчүн Тажикстанга берилди?

Достук айылы эмне үчүн Тажикстанга берилди?

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга кенен түшүндүрмө берди:▪️Достук айылынын тургундары сууну тажик тараптан алып иччү, алардан толугу менен көз каранды болчу;

Эң жакынкы Кызыл-Бел айылына чейин 20 чакырым, Баткенге чейин 30 чакырым аралыкта эле;

 

Ал жерде туруктуу жашаган 30-40 үй-бүлө чек ара жабылса тажик тарапка өтө албайт, дайыма Кызыл-Белге же Баткенге каттаганга туура келмек, кийинки муунга кыйын болмок;
Ооба, ичиң ачышат. Бирок кийинки муундун келечегине жакшы болот, жакшы шарттар түзүлөт. Ал жерде жаңжалда менин 10 аскерим каза болгон. Менин да жүрөгүм ооруп турат… Бирок келечек муун үчун муну чечишибиз керек эле;▪️Достук айылындагы 71 кожолукка Баткендин Чет-Булак деген жеринен 30 сотыхтан (10 сотых жери Кызыл-Белде) жер берилди. Анын 10 сотых жерине мамлекет үй салып берет. 31 гектарды ээлеген Достук айылы чек араны тактоо маалында толугу менен Тажикстанга берилип, ордуна компенсациясы менен жалпы 121 гектар жер алынган.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар