Министрлер Кабинети дары-дармектерге рецепт жазуу тартибин бекитти. Тийиштүү чечимге төрага Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ калкты дары-дармек менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга багытталган. Ага ылайык:
-
дары-дармектерге рецепт жазуу жана берүү эрежелери,
-
саламаттык сактоо уюмдарында талаптарды тариздөө тартиби,
-
рецепт бланктарын сактоо тартиби аныкталды.
Эми рецепт боюнча берилүүчү дары-дармектер эл аралык патенттелбеген аталыштар менен латын тилинде электрондук жана/же кагаз форматында жазылат.
Саламаттык сактоо министрлиги рецепт бланктарынын колдонулушуна көзөмөл жүргүзөт.

