Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн диний лидерлерин кабыл алды

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн диний лидерлерин кабыл алды

11-сентябрда Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн диний лидерлеринин делегациясы менен жолугушту.

Мамлекет башчысы дин жаатындагы кызматташуу түрк дүйнөсүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, исламдын ыйман, адеп жана ынтымак баалуулуктарын улуттук салттар менен айкалыштыруу зарылдыгын айтты.

Жапаров Кыргызстанда акыркы жылдары дин жаатында реформалар жүрүп, Муфтиятка колдоо көрсөтүлүп жатканын, жакынкы күндөрү Токмок шаарында Ислам академиясы ачыларын билдирди. Ошондой эле жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана аларга туура насаат берүүдө руханий лидерлердин ролу чоң экенин белгиледи.

Өз кезегинде муфтийлер Кыргызстанга ыраазычылык билдиришип, биримдикти жана салттуу исламды бекемдөөгө күч-аракет жумшай тургандыктарын билдиришти.

Жолугушуунун соңунда, Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын «Айкөл» ордени менен сыйланды.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар