Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблакваны кабыл алды

Садыр Жапаров Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблакваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 16-март күнү Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблаква менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Гана ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы географиялык алыстыкка карабастан, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин белгиледи.

Президент ошондой эле Африка өлкөлөрү менен байланыштарды бекемдөө боюнча иштер жүрүп жатканын айтып, Эфиопияда Кыргызстандын элчилиги ачылганын жана Египетте да жакын арада ачуу пландалып жатканын билдирди. Мындан тышкары, Кыргызстан Африка биримдигинде байкоочу макам алганын белгилеп, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.

Өз кезегинде министр Сэмуэль Аблаква президентке Джон Драмани Махаманын саламын жеткирип, Гананын көз карандысыздыгынын 70 жылдыгына байланыштуу өлкөгө келип кетүүгө чакыруусун билдирди.

Ал Кыргызстандагы реформаларды, айрыкча коррупцияга каршы күрөштү жана “Кумтөр” маселесин жогору баалап, курулуш, санариптештирүү, туризм жана агроөнөр жай тармактары кызматташтык үчүн негизги багыттар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы достук жана ишкердик байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар