Башкы беткеРубрикаларАймактарАлайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленүүдө

Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленүүдө

Алай районунун А.Мамытов атындагы стадиондо Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери Алымбек датканын 225 жылдык юбилейлик иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрлер кабинети Алымбек датканын 225 жылдыгын жалпы улуттук маанидеги иш-чаралардын тизмегине киргизген. Ош шаарында Ленин көчөсү анын урматына өзгөртүлгөн.

Алымбек датка (болжол менен 1799–1800) 19-кылымдагы Кокон хандыгынын ири саясий ишмери болуп, 27 жашында Мадали хан тарабынан «датка» (адилет башкаруучу) наамына ээ болгон. Ал 1827–1862-жылдардагы көптөгөн маанилүү окуяларга катышып, Анжиян вилайетинин башкаруучусу жана Кокон хандыгынын увазири болгон. Ошол мезгилде штабын Ошко көчүрүп, шаардын статусун жогорулаткан.

Маарекенин негизинде маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бүгүн облустук көк бөрү мелдеши уюштурулуп, финалда Алай-1 командасы Кара-Кулжа командасын 3:2 эсебинде утуп, чемпиондук наамга ээ болду. Мелдешке жалпы 8 команда катышкан.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар