Бишкек. 9.09 2025-жыл– «Akural Technologies» компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук коомдук саламаттык институту менен расмий кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Аталган келишим Akural Cube түзмөгүнүн интеллектти өнүктүрүүгө, когнитивдик функцияларга жана нейродегенеративдик оорулардын (анын ичинде деменция жана Альцгеймер оорусу) алдын алууга тийгизген таасирин биргелешип изилдөөгө шарт түзөт.
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча макулдашууга жетишти:
• Түрдүү куракта жана кесиптик топтордо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
• Akural Cube колдонуудагы медициналык жана психологиялык таасирлерди талдоо
• Akural Education for Health аттуу билим берүү жана медициналык программаларды иштеп чыгуу
• Lancet Neurology, Nature Human Behaviour сыяктуу алдыңкы эл аралык журналдарга макалаларды жарыялоо
• Биргелешкен конференцияларды жана семинарларды уюштуруп, өткөрүп туруу.
“Бул кызматташтык эл аралык таанылууга жол ачып, ачылышты медицина боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүүгө илимий база түзүп берет” – дейт «Akural Technologies» компаниясынын негиздөөчүсү Азамат Искембаев.

