Башкы беткеМаанилүүЖээнбек Кулубаев БУУдагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев БУУдагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргызстанга иш сапары менен БУУдагы бир катар чет мамлекеттердин кезектеги туруктуу өкүлдөрү – тактап айтканда, Ангола, Белиз, Гана, Кения, Конго, Мальта, Маврикий, Мозамбик, Науру, Папуа — Жаңы Гвинея, Сент-Люсия, Сенегал жана Руанданын элчилери келишти.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган өлкөлөрдүн Африка, Европа, Кариб бассейни жана Океания аймагындагы элчилери Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугушту.

Жолугушууда Жээнбек Кулубаев аларга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү тармагындагы реформалар тууралуу маалымат берип, БУУга мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкты чыңдоонун маанисин баса белгиледи.

БУУдагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү Кыргызстандын глобалдык демилгелерди – климаттын өзгөрүшү, тоо күн тартибин илгерилетүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, туруктуу өнүгүү, коопсуздук жана тынчтык маселелерин алдыга жылдыруу жаатындагы аракеттерин жогору баалашты.

Тараптар эл аралык күн тартиби, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал, Борбор Азиядагы кызматташтык жана актуалдуу глобалдык маселелер боюнча пикир алмашты.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк элчилер “Кызмат” мамлекеттик мекемесине, БУУнун Кыргызстандагы Үйүнө, ошондой эле өлкөнүн тарыхый-маданий жайларына барышат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар