Кыргызстанда таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн алгачкы эко-технологиялык завод ишке кирди. Ал Бишкек шаарындагы таштанды полигонунун аймагында жайгашкан жана Борбор Азияда аналогу жок ишкана болуп эсептелет.
Завод катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрөт. Азыркы этапта суткасына 1000 тоннага чейин таштанды иштетип, саатына 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын берет. Долбоор толук кубатта иштегенде жылына 365 миң тонна таштанды кайра иштетилет.
Бул ишкана борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртып, электр энергиясын өндүрүүгө да салым кошот. Ошондой эле көмүрдү үнөмдөөгө жана абага бөлүнгөн зыяндуу газдардын көлөмүн азайтууга шарт түзөт.
Долбоор Кытайдын алдыңкы технологияларынын негизинде ишке ашырылып, бардык экологиялык талаптарга жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Мындай заводдорду келечекте Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында да куруу пландалууда.


