Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылды

0
11946

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу максатында, Алмазбек Шаршенович Атамбаев төмөнкү мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылды:

  • «Кыргыз Республикасынын Баатыры» — эң жогорку артыкчылык даражасы;
  • II даражадагы «Манас» ордени;
  • «Данакер» ордени;
  • «Даңк» медалы.

Ошондой эле төмөнкү жарлыктар жокко чыгарылды:

  • 1999-жылдын 22-апрелиндеги №106 — «Даңк» медалы менен сыйлоо тууралуу;
  • 2007-жылдын 27-ноябрындагы №518 — «Данакер» ордени менен сыйлоо тууралуу;
  • 2011-жылдын 30-ноябрындагы №311 — мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди сыйлоо тууралуу жарлыктын үчүнчү абзацы;
  • 2017-жылдын 27-ноябрындагы №1 — «Кыргыз Республикасынын Баатыры» даражасын ыйгаруу тууралуу.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы ушул жарлыктын талаптарын аткарып, мамлекеттик сыйлыктарды жана тиешелүү документтерди мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп бериши зарыл.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз