whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүү“2025-жыл Америкада жасалма интеллекттин жылы болот»

“2025-жыл Америкада жасалма интеллекттин жылы болот»

Эсен Ниязов 19 жашында студенттердин тажрыйба алмашуу программасы аркылуу Америкага кеткен. Алгач компьютердик инженерия боюнча колледжде билим алган. Кийин университетти окуп бүтүргөн соң, Cybertek  деп аталган ири IT компанияга жумушка орношкон. Ал компаниянын жетекчилигин көндүрүп, Чикагодо Cybertekтин филиалын ачып, аны өзү жетектеген. Ал жерде миңдеген кыргызстандыктарды окутуп, жүздөгөн мекендештерди жумуш менен камсыз кылган.

– Саламатсызбы, Эсен мырза, азыркы учурда Американын кайсы штатында, эмне иш менен алектенип жүрөсүз?

– Калифорния штатына көчүп келгениме 1,5 жыл болуп калды. Бул жактагы ири компаниялардын биринде жасалма интеллект боюнча иштеп жатам.

– Бир нече жыл мурун Кыргызстанга келип Peaksoft компаниясын негиздеп, Кыргызстандагы жаштарды IT тармагы боюнча окутуп, чоң долбоорлорго киришкен элеңиз.

– Ооба, 2020-жылы Кыргызстандагы жаштарга жол көрсөтүү, IT тармагындагы үйрөнгөн билимимди бөлүшүү максатында Бишкекке көчүп барып, Peaksoft IT компаниясын ачтым. Ал жерде 50гө жакын кызматкер иштеп, баш аягы 250-300гө чейин кыздар-балдарды IT багытында окуттук, үйрөттүк. Мен ал жерден абдан мыкты, күчтүү жаштарды көрө алдым. Peaksoft компаниясы бүгүнкү күндө деле иштеп жатат. Болгону мен аны толугу менен өнөктөштөрүмө өткөрүп бергем.

– Чоң максаттар, чоң пландар менен келип, бирок, кайра Америкага кетип калышыңызга эмне себеп болду?

– Кыргызстанга IT тармагын өнүктүрөм деген максат менен барганым чын. Бирок, мен күткөн натыйжа, мен күткөн жыйынтык үчүн дагы көп жылдар керек экенин түшүндүм. Кыргызстанда жашоо негизинен алганда абдан татаал. Бул нерсе түздөн-түз долбоорлорго да таасирин тийгизет экен. Мисалы, Peaksoft компаниясын ачтык, америкалык долбоорлорду тартып келдик. Бирок, биздин ишти мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүү боюнча колдоо тапкан жокпуз. Имарат беребиз, техникалык жабдууларды алып беребиз деген гана сунуштар менен чектелдик. Бизге мыкты IТшниктерге жакшы айлык төлөп, жер-жерлерге барып окутуп, чакан команда жана мобилдик система керек болчу.

– Сиз окутуп, даярдап чыгарган адистер азыр кайда иштеп жатканынан кабарыңыз барбы?

– Көбү Америкага, Европага чыгып кетишкен. Себеби, программалоону баштан-аяк үйрөнүштү. Алар андан ары өсүшү керек. Ал эми ал балдардын андан ары өсүшүнө, өнүгүшүнө Кыргызстан анчалык көп нерсе бере албайт. Бизде азырынча, андай масштабдуу долбоорлор да жок. IТшниктердин айлык маянасын жогору төлөп бере ала тургандай чоң акча да жок Кыргызстанда. Ошондуктан, өз кесибин мыкты өздөштүргөн адистер көп айлыкка, жакшы жашоого умтулушат да сыртка чыгуунун жолдорун издеп, натыйжада кетип калышат. Билимдүү, илимдүү, күчтүү жаштарды алып калып, кармап калып иштетүү кыйын. Анткени, дүйнөдө бизден күчтүү компаниялар өтө эле көп. Ал компаниялар онлайн иштегенге уруксат берет. Сен Германияда же Россияда отуруп онлайн иштейсиңби, аларга айырмасы жок, же болбосо, Кыргызстанда отуруп иштейт экенсиң, чыгымдарың аз экен, ошондуктан азыраак төлөп беребиз деген түшүнүк жок. Эгер квалификациясы жогору болсо, ошол тармактын ийне-жибине чейин мыкты билсе, эң жөнөкөй эле жумуштардан 3 миң АКШ долларынан жогору маяна ала алат. Кыргызстандын ичинде 3 миңден жогору төлөгөн компаниялар аз.

– Сиздин маалыматыңыз боюнча Кыргызстанда канча IT-компания бар?

– Болжолдуу түрдө айтканда 50гө жакын чакан жана орто компаниялар бар. Ошол 50 компаниянын 80 пайызы чет элдик долбоорлор менен иш алып барышат. Кыргызстандын ичиндеги долбоорлор булар банктар, мамлекеттик мекемелер, мисалы, шайлоо борбору, Мбанк ж.б. болушу мүмкүн.

– Сиздин пикириңизде мыкты IТ кызматкерлерин Кыргызстанда кармап калуу мүмкүн эмес.

– Азырынча мүмкүн эмес.

– IТнин күнү бүтүп баратат деп айтууга болобу?

– Кыргызстандын рыногун айта турган болсок, IТнин заманы бүтө элек. Башкалар үчүн бүтүп баратат. Менин жеке көз карашым боюнча жаңы технология менен, башкача айтканда, жасалма интеллекттин күчү менен Кыргызстандын рыногу өсүшү мүмкүн. Анткени,  IТ кызматкерлердин жумушу дагы азыр тобокелчиликте. Мындан кийин көп нерселерди жасалма интеллект жасайт. Ошол себептен айтишниктердин жумушу арзандатылат. Арзандатылгандан кийин рыноктогу өнүгүү кетет. Мен Кыргызстандагы компанияларга 20 миң долларга долбоор жасагандын ордуна, жасалма интеллекттин күчү менен 5 миң долларга долбоор жасай алам. Менимче алдыдагы 2-3 жылда Кыргызстанда санариптешүү аябай өнүгөт. Жасалма интеллект – Америка үчүн дагы жаңы башталып жатат. Америкада 2025-жыл жасалма интеллекттин жылы болот. Ал эми Кыргызстанга дагы 2-3 жылдын ичинде келет.

– Жасалма интеллектти окутуп, үйрөтүү боюнча пландарыңыз барбы?

– Оюмда бар. Азыр бул жакта жакшылап үйрөнүп тажрыйба топтоп жүрөм. Буюрса, жакынкы күндөрү жаңы жаңылыктар, жаңы платформалар, жаңы формат менен ишке киришем. Азыр элдер бул темадан аябай эле алыс экен. Жасалма интеллект боюнча толук, кенен маалымат жок. 5-6 ай мурун видео тартып дүйнөдө жасалма интеллект деген пайда болду, эгер IT тармагына келгиңер келсе, алгач жасалма интеллектти түшүнүп, ушунун артына түшкүлө деп чыгардым. Бирок, аудиториямдын 95 пайызы мен эмне жөнүндө айтып жатканымды түшүнгөн жок. Азыркы тапта Калифорнияда жасалма интеллект боюнча иштейм. Биз эмне кылабыз? Биз жасалма интеллект кызматын сунабыз. Биздин кызмат аркылуу 10 миң, 20 миң кызматкери бар адамдар ортодогу 5 миң адамдын ордуна биздин программабызды колдонот. Бул башталышы гана. Көп жерде жумуштардын көбүндө оптимизация болот. Жасалма интеллекттин заманы башталып жаткан кез. Менин оюмча жаштарды  максималдуу түрдө ушул багытка буруш керек. Канча эрте түшүнүп, канча эрте колдонуп баштаса, ошончолук эрте жыйынтык болот.

– Кыргызстанга биротоло келүү планда барбы?

– Кыргызстанда 2 жыл жашап келдим. Америкага көнгөн адам, Кыргызстанга көнүп кетиши кыйын. Бирок, белгилеп айтып кетчү жагдай, Америкага келгендер өзү үчүн гана жашап, иштебейт. Алар үй-бүлөсү, тууган-уругу үчүн да иштешет. Акылдуулар эмне үчүн аз айлыкка кайыл болуп мекенде иштеп жүрө бербейт? Себеби, алар акыл калчап, үй-бүлөсүн, жакындарын ойлоп, жашоо-тиричиликтерин жакшыртайын
деп кетип калышат. Кыргыздар өзү тууганчылбыз. Америкалыктар ар ким өзү үчүн жашайт. Ал тургай өзүнүн бир тууганына карызга акча бербейт. Ал эми биздин түшүнүгүбүз башка. Эгерде жакшы кесиптин ээси болсо, билген билимин колдонуп, жакшы маяна алуу үчүн сыртка чыгыш керек. Жакшы акча табыш керек. Анткени, бардык нерсе ошого келип такалат.

– АКШ президенти алмашкандан кийин биздин Америкадагы мекендештерибизде кыйындык жаралган жокпу?

– Буга чейин кыргыздар англис тилин үйрөнүп, окуу аркылуу келип жүргөн болсо, акыркы 2-3 жылда Мексика аркылуу кыргыздар көп кирди. Бирок, жаңы бийликтин кыргыздарга зыяны тийбейт. Кыргыздарды депортация да кылбайт. Эгерде кыргыздар мыйзам бузуп, полицияга түшпөсө эле. Бул жакта бизден башка миллиондогон улуттар бар. Кыргыздар эмгекчил, иштейт, акчасын алат салыгын төлөйт. Бул жакта депортация болушу керек деген чечим сот аркылуу чыкса гана полиция кызматы ошонун артынан барышы мүмкүн. Кыргыздар легалдуу жашашат жана иштешет. Россиядагыдай көчөдөн кармап туруп эле документ көрсөт дебейт. Андай түшүнүк жок.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар