Башкы беткеМаанилүүБайсалов: "Кендирбаева тескерсинче мугалимдерди “шылдыңдагандар” менен күрөшүп жатат”

Байсалов: «Кендирбаева тескерсинче мугалимдерди “шылдыңдагандар” менен күрөшүп жатат”

Социалдык тармакта 23 жылдан бери мугалим болуп иштеген Венера Бектурсунова Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаевга өлкөдөгү бардык мугалимдердин атынан кайрылган. Анда министрликтин соңку кездеги текшерүүлөрү мугалимдердин ишине тоскоолдук жаратып жатканы айтылган.

“Сиздин чексиз текшерүүлөрүңүз менен сиз чындап бекем билим берген мугалимдердин мектептен кетишин камсыздайсыз. Ал эми мунун баарынан кийин жаштар мектепке келип иштөөнү ойлобой да калат. Анда балдарды ким окутат?!
Шаардагы, райондогу жогорку бийликтегилер эмнеге унчукпайт? Жумуштун бүт жүгүн мектептин мойнуна жүктөө оңойбу?
Эмне үчүн сиз, министр, мугалимдерди коргой албайсыз? Ар кандай текшерүүлөрдү жана мугалимдерди «шылдыңдоону» токтотууну талап кылабыз!”- деген.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Билим берүү министрлигинин ишин сындаган мугалим Венера Бектурсунованын кайрылуусуна жооп берди:

«Урматтуу Венера Бектурсуновна, сиз бир эле нерседен башкасын туура айтасыз. Министр Кендирбаева, тескерисинче, мугалимдерибизге керексиз, карама-каршылыктуу жана башка “шылдыңдоолорго” каршы күрөшүп жатат.
Унутпаңыз, Догдургул Шаршеевна өзү мугалим! Жакында, урматтуу Венера Бектурсуновна жана башка биздин баардык урматтуу мугалимдерибиз муну көрөсүңөр!”

– деп жазган Байсалов.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар