15-февралда борбор калаадагы Ата-Түрк атындагы паркта, жоокер-интернационалисттердин эстелигинин алдында эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Иш-чара гүлчамбар коюу аземи менен башталып, курман болгондордун элеси бир мүнөт үнсүздүк менен эскерилди. Андан соң метроном жаңырып, үч ирет ок атылып, бул согуштан кайтпай калган жоокерлерге болгон терең урмат-сыйдын белгиси болду.
Митингге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары, полковник Алмазбек Кулмурзаев, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо маселелери боюнча атташеси Игорь Довбня, ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү, ооган согушунун ардагерлери жана шаар тургундары катышты.
Сөз сүйлөгөндөр ооган согушу миңдеген үй-бүлөлөр үчүн оор сыноо болгонун, анын тарыхта терең из калтырганын белгилешти.
Айбек Джунушалиев 15-февраль – эскерүү, кайраттуулук жана биримдик күнү экенин айтып, курман болгондордун эрдигине таазим этерин жана ардагерлерге ыраазычылык билдирерин баса белгиледи. Анын айтымында, муниципалитет жоокер-ардагерлерге, алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү улантат.
Иш-чара гүл коюу жана жоокер-интернационалисттерге ыраазычылык билдирүү менен жыйынтыкталды.

