Керим АЙДАРОВ:
– Арыбаңыздар, урматтуу коноктор! Биз “кыргыз жараны ким жана кандай болушу керек?” – деген теманын тегерегинде кеп кылганы турабыз. Кыргыз салтына жараша, сөздү улуулата берейин деп турам. Бүгүнкү жыйындын аксакалы катары Назаркул ага, сөздү сиз баштап берсеңиз.
Назаркул ИШЕКЕЕВ:
– Бүгүнкү отурумду уюштурган “Кыргыз Туусу” гезитинин жалпы жамаатына терең ыраа-зычылык билдирем. Кылым алмашты, доор алмашты, система алмашты, эгемендүүлүктүн жылдары шуулдап өтүп жатат. Бирок, ошол эгемендүүлүктүн, эрктүүлүктүн мазмуну кандай аныкталат? Биздин өлкөбүздүн жарандары чын эле улуттук иденттүүлүгүн табыштыбы? “Кыргыз жараны” деген ким? Ал кандай болушу керек? – деген суроолор ар бирибиздин көкүрөгүбүздү өйүшү керек. 2021-2026-жылдардагы “Кыргыз жараны” жөнүндө атайын консепция кабыл алынган. Мунун уландысы 2040-жылга чейин пландаштырылган. Ушул багытта алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Ошолордун эң маанилүүсү өткөн жылдын соңунда президентибиз “Уңгужол” деген жарлыкка кол койду. Бул жарлыктын мазмуну чагылдырып тургандай, анын ичинде иденттүүлүк да, “Кыргыз жараны” да бар. Деги эле “Уңгужолдун” маңызында кыргыз турпаты, образы кандай болушу керек деген маселеге жооп берген багыттарды байкоого болот. Биринчиден, кыргыз иденттүүлүгүнө токтолушубуз керек. Иденттүүлүк түшүнүгү – ар бир жарандын кайсы улутка таандыктыгы жөнүндө маселе. Ошол мазмун бизде барбы? Анын багыты кандай деген суроо коюлуп жатат. Ошондуктан бул жерде абдан олуттуу маселелер бар, биринчиси бул жеке адамдын уникалдуулугу. Ички өзгөчөлүктөрү, ал адамдын теги, генетикасы. Ал эми генетикага таасир эткен дагы баалуулуктар бар. Ал болсо чөйрө, жакынкы, алыскы, тышкы чөйрө. Ушулардын бардыгы адамдын иденттүүлүгүнө таасир эткен олуттуу факторлор. Мындан тышкары адамдын мүнөзү, кыял жоругу, жашоо принциптери, эмоцианалдык жана интеллектуалдык дарамети. Анын ичинен жеке баалуулуктары айырмаланган өзгөчөлүктөрү. Анын ички дүйнөсүнүн кенендиги, тереңдиги деги койчу толгон токой уникалдуу жеке адамга мүнөздүү болгон баалуулуктар бар.
Мындан тышкары улуттун, анын маданий баалуулуктары, салт-санаа баалуулуктары. Андан тышкары географиялык, аймактык, чөлкөмдүк баалуулуктары. Ошону менен катар эле адамдын социалдык багыттары. Үй-бүлөлүк, тууган-уруктук, жоро-жолдоштук, кесиптик жана коомдук баалуулуктары. Мындан тышкары ар бир адамдын аздектеген ишенимдери, түшүнүктөрү болот. Албетте, бул диний, аймактык, уруулук ж.б. түшүнүктөр. Ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө гендердик маселелер курч коюлуп жатат. Адамдын жыныстык өзгөчөлүктөрү, андагы талаш маселелер ойлонтот. Мына ошолордун бардыгы улуттук иденттүүлүктүн негизги түшүнүктөрүнө кирет. Мына ушундай өзгөчөлүктө бизде кандай процесс жүрүп жатат. Аларды талдоо, анализдөө процесс-тери барбы?
Биздин өлкөдө жашаган башка улуттун өкүлдөрүнүн улуттук иденттүүлүгү бизге караганда бекем. Аны ачык айтышыбыз керек. Аларды кыргыз жараны катары калыптандырууга эмне орток маселе бар? Негизги өзөк, күч тилге таандык. Эгер биз мамлекеттик тилибизди өз деңгээлинде иштетип, өзүбүздүн улут, өзүбүздүн тилди сыйлап, дилинде бапестей алсак, анан башка улуттар да сыйлап, урматтап, ошол тилди өздөштүрө баштаса, анда бизде жарандык иденттүүлүккө болгон кадам башталат. Тилекке каршы, бул маселе абдан солгун жүрүп жатат. Анткени, тил маселеси бизде бир стандартка түшө элек. Азыр биз изденүүнүн үстүндөбүз. “Уңгужолдо” бул өзүнчө маселе катары каралган. Бирок, кыргыз тилин колдонууга келгенде жарандардын баарына мүнөздүү болбой жатат. Өзгөчө башка улуттун өкүлдөрү, өзүбүздүн орус тилинде билим алган балдарыбызга келгенде көйгөй бар. Ошондуктан мен кыргыз жараны түшүнүгүнө бараткан жолдобуз деп айтамын. Муну чечүүдө биринчи тил маселеси.
Экинчи, тарых маселеси. Өзүбүздүн улутубуз менен бирге башка улуттун жарандары тарыхыбызды кандай баалашат. Ага кызыгуу барбы? Көп жолду басып өткөн бул кандай улут деп суроо коюп изденишеби? Бул багытта билим берүү кандай болуп жатат? Биз концепция-дагы талаптарды аткарып жатабызбы? Ошолор билим берүүнүн мазмунунда чагылдырылганбы? Үчүнчү, Маданий баалуулуктар. Бул багытта азыноолак иштер жүрүп жатат. Кайрадан билим берүү маселесине токтолгум келип турат. Биз көптөгөн окуу жайларга өзгөчө макам бердик. Айрым жетекчилер мамлекеттик тилдин, Манас таануунун саатын кыскартып, туура эмес иштерди жасады. Бул мамлекеттик идеологиянын өзөгү экенин аңдабай жатышат. Башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн окуу жайлар өздөрүнүн улуттук баалуулуктарын таңуулашууда. Биз дагы окуу жайлардын менчигине карабай, өзүбүздүн идеологияны
жайылтуунун үстүндө иштерди күчөтүүгө тийишпиз.
Жамгырбек БӨКӨШОВ:
– «Биринчиден ушуну уюштуруп жаткан «Кыргыз Туусуна» ыраазычылык билдирем. Мамлекеттик катчыбыз келип катышып жатканы өзгөчө салмакка ээ. Эми чынында «Кыргыз жараны» концепциясынын биз үчүн өзгөчө маани мазмуну бар. Эң негизгизси, ушул тараптагы иштерди уюштуруп, нукка салып, натыйжалуу, жемиштүү ишке ашырууга саясий эрк, саясий чечим бар. Бул ырааттуу түрдө жүргүзүлүп келе жатат. Мына рух тарбиясы, «Кыргыз жараны», улуттук идеология, жарандардын калыптанышы боюнча мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер, документтер кабыл алынды. Ошолор ырааттуу түрдө ишке ашырылууда. Эми ушул багытта изилдөө жана усулдук иштерди колго алып, шымаланып иштей турган учур келди. Демек, «Кыргыз жараны» ким жана кандай болуш керек, ал кантип калыптанат, бул жааттагы таалим-тарбия иши кандай болууга тийиш деген маселе ар бирибизди түйшөлтөт. Албетте, биздин элибиздин каада-салты, тарыхы, тагдыры узак. Канжыгабызда далай жакшы каада салт, үрп-адат, нарк бар. Ошентсе дагы жаңы шартта биз ушул маселелерди карап чыгышыбыз керек. Жарандын калыптанышы деген өзү эле табигый түрдө ишке ашчу нерсе эмес. Жарандык таалим-тарбия, билим берүү деген түшүнүктөр бар. Ушул багытта дагы максаттуу иш жүрүшү кажет. Курсактагы баладан баштап бул иш
мааниге ээ болуш керек. Бул атанын каны менен эненин сүтү менен калыптана турган нерсе.
Эми ошондо жарандык билим берүү жаатында жаш курагына, маданий чөйрөсүнө, динине, улутуна карабай, кандай багытта, кандай иштер аткарылышы керек? Эгер системалуу түрдө иштер жүргүзүлбөсө майнап чыкпайт. Албетте, мектепти карасаңыздар, окуу китептеринде «Манас» эпосубуз баш болуп, андан кийинки акын-жазуучуларыбыздын сөздөрү, осуяттары берилген. Бул тараптан дагы изилдөө иштери, методикалык жыйынтыктар, анализдер керек. Анан менин жарандык парзым, милдетим кандай деген суроо эрезеге жетип, өзүнүн инсандык ордун аңдап биле баштаган кезде, мектептин жогорку класстарынын, ЖОЖ студенттеринин арасында максаттуу түшүндүрүлүшү абзел. Бул жерде Назаркул мырза жакшы маселелерди белгилеп өттү. Манас таануу, кыргыз тили деген сыяктуу сабактар кандай өтүлүп жатат. Ошолордун окуу куралдары жетиштүүбү, студенттердин колунда кошумча адабияттар, кошумча материалдар барбы? Мына ушул иш дагы Билим берүү министрлигинин идеологиялык иш жүргүзгөн адистеринин көзөмөлүндө болушу керек деп ойлойм. Илимпоздор, интеллектуалдар, улуттун аттуу-баштуу кишилери өз салымыбызды кошуп, изилдөөлөрдү жүргүзүп, максаттуу иштерди аткарып, эң негизгиси жарандын калыптанышы, жаранга билим берүү жаатында атайын
бир эмгектерди, усулдук көрсөтмөлөрдү даярдоого салымыбызды кошушубуз керек.
Австрияда 1978-жылы атайын жарандык билим берүү боюнча мыйзам кабыл алынган. 1997-жылы Германияда, Финляндия, Францияда атайын программалар иштелип чыгып, жарандыкты калыптандыруу, жаранды тарбиялоо жагынан максаттуу иштер жасалып келген. Мына бүгүн Европа биримдиги иденттүүлүк, өзүн таануу жактан максаттуу программалардын негизинде алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатат. Бизде дагы кабыл алынып жаткан документтер акырында өзүнүн жемишин берет болушу керек. Биз карап турбай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, баарыбыз иштешибиз керек.
Нур САРАЛАЕВ:
– «Кыргыз жараны» жана кыргыз жаранын калыптандыруу экөө эки башка маселе. Айтайын дегеним, башка мамлекеттер жарандык концепциясын кантип калыптандырышкан. Учурда кандай иштер жүрүп жатат, биз аларды анализдеп көрүшүбүз керек.
Баарыбыз билебиз, иденттүүлүк проблемасынын борбору Америка. «Америка это мы» деген китеп жазылып, ошондон кийин иденттүүлүк маселеси көтөрүлүп, башка мамлекеттерде да «Америка это мы» дегенге окшош өзүлөрүнүн жарандарын калыптандырууга аракеттенишкен. Бизде бул маселе эми көтөрүлүп жатат. Көп документтер кабыл алынды. Мамлекет тарабынан кабыл алынган документтерди изилдей келсек, бул иденттүүлүк проблемасы менен байланышкан. Биз улутубуздун адеп- ахлак, мурас, маданият жана иденттүүлүгүбүздү жоготуп бара жатабыз. «Уңгужол» деп кабыл алынган документ негизинен жакшы. Бирок, аябай көңүл буруп окусаңыздар, ошол «Уңгужолдо» «кыргыз улуту» деген сөз жок. Бир гана жерде «кыргыз тили» деген сөз бар. Бул көп ойлонууларды жаратат. «Кыргыз жараны» дегенди эки бөлүп караш керек. Биринчи, эгерде биз кыргыздын өзүн сактап калгыбыз келсе, кыргыз үчүн иштеш керек. Көп улуттуу мамлекет болгону үчүн «Кыргыз жараны» деген концепция иштелип чыккан. Башка улуттун өкүлдөрүн биз кыргыздын жараныбыз деп кантип айттыра алабыз? Кантип биз психологиялык, этикалык, баалуулук, маданий, этнопсихологиялык көп факторлорду ошолорго калыптандыра алабыз. Кыргыз тили боюнча мыйзам кабыл алдык, бирок, кыргыз тилинин колдонулушу биздин мамлекеттик уюмдарда ж.б. жерлерде көпчүлүгүбүздү канааттандырбайт. Философия институтунун директору болуп иштейм, ушул мезгилге чейин жогору жактан кээ бир мамлекеттик структуралардан эле документтер кыргызча келбесе, көбүнчө, орус тилде келет. Биздин УИАнын ичинде эле документтер орусча
жазылат.
«Кыргыз жаранын» калыптандыра турган бирден бир фактор тил маселеси. Экинчиси, билим берүү. «Кыргыз жараны» билим берүү системасында калыптанышы керек. Ошол жерден жаштарды биз кыргыз жараныбыз деп айттырып, тарбиялап чыгарууга тийиш-
пиз. Бүгүн, билим берүү системасында кыргыз жаранына, кыргыз баалуулуктарына карама-каршы иштер жүрүп жатат. Ушул шартта биз улутубузду, кыргыз жаранын кантип сактап кала алабыз? Бүгүнкү күндө биздин тышкы саясаттын вектору кандай болсо, ошого жараша Кыргызстанда иденттүүлүктү калыптандыруу көйгөйү жүрүп жатат. Мисалы, түрк университетин бүткөндөрдүн ой жүгүртүүсү башкача. Алардан бирөө жарымы бийликке келип калса, «Түркия баарынан жогору», – деп айтышат. Америка, кытай, япон, кыргыз-орус славян университетин бүткөндөр деле ошентип
айтышат да.
Биз иденттүүлүктүн көп стадиясын басып өттүк. Биринчиси, Россиянын курамына киргенге чейинки (1863-жылга чейин). Экинчиси, падышалык Россия империясынын курамына киргенден кийин (1917-жылга чейин). Андан соң, 1917-жылдан 1991-жылга чейин биз кандай жарандыкта жүрдүк. Союз тарагандан кийин, эгемендүүлүктүн 30 жылы ичинде биз кандай иденттүүлүк көйгөйүнө кабылдык. Ошону үчүн муну биз теориялык, практикалык, методологиялык жактан изилдешибиз керек. Мен мындай кереге кеңештердин тез-тез өтүп турушун колдойм.
Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ:
– Философдордун «Америка – бул биз» деген сөзүн Нур агай аябай таамай айтты. «Кыргыз жараны» маселеси сыяктуу, жарандык жарлыктар, мыйзамдар дүйнөнүн 197 өлкөсүндө кабыл алынган. Демек, ушунча өлкө өз мамлекетинин биримдиги үчүн жасаган аракети деп түшүнсөк болот.
Жаран тууралуу маселе байыркы Рим дүйнөсүндө Октавиан Августтун император болуп турган убагында да айтылган. Миңдеген улуттарды багындырган чоң империя түзүлгөн. Европа континентинин 30 пайызын ээлеп турган. Рим сенатынын алдында кантип Римдин маданиятын, тилин киргизебиз деген маселе коюлган. Мына ошондон бери эле, дүйнөдө ар бир мамлекет, өз жарандарынын биримдигин бекемдөө максатында ушундай аракеттерди жүргүзүп келишет.
Бизде жарандык маселе качан козголду? 2021-жылдын декабрь айында интернет айдыңында «Чек арага кыргыздар эле барышы керекпи, эмне үчүн башка улуттун өкүлдөрү чакырылбайт, эмне үчүн алар биздей болуп курал кармап, чек араны коргобойт», – деген сөз соцтармактарда желдей тарады. Азыркы бийлик жетекчилерин, мени дагы түйшөлттү. Мекен үчүн ар бир Кыргызстандын паспортун көтөрүп жүргөн адам күйүшү керек. Бул бир эле бизде эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө иштей турган практика.
Ошентип, жарандык маселе дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Демек, ар бир мамлекет өзүнүн жарандарынын биримдигин чыңдоонун аракетинде. Мисалы, 2018-2025-жылга чейин Еропа Биримдигинин 19 өлкөсүндө «Улуттук нарк, аркабызга кайталы» маанисинде жарлыктары кабыл алынды. Эмне үчүн мынчалык шашылыш кабыл алынды. Венгер өлкөсүндө «Биз Чыгышты карай, ата-тегибизге» деп Венгер парламенти, бир жыныстуулукка каршы туруп, мыйзамды четке какты. Андан кийин венгерлерге каралган 60 млрд. долларын Евросоюз бербей койду. Андан соң, Венгер башчысы Орбан кыргыздардын 2-көчмөндөр оюнуна келди. Ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн баарын кыдырып, улуттук комитет түзүп, биз ата-тегибизге карай деп дүйнө кыдырып жүрөт.
Кыргызстандын айрым алыскы аймактарында бир да башка улут жок. Бирок, ал жерде жаш балдардын тили орусча чыгып жатканынын себеби эмнеде? 3-4 жаштагы сүйлөй элек балдар телефондон өзүнө керектүү мультфильмдерди таап алып үйрөнүп жатат. Демек, кыргыз тилинде мультфильмдерди көбөйтүшүбүз керек. Биз кыргыз тилин мажбурлап киргизе албайбыз, тилге зарылдыкты түзүп коюш керек экен. Экинчиден, бизге келип жаткан жаңы терминдерге уялбай эле кыргыздын мүчөсүн кошуп, кыргыздын сөзү кылып коюшубуз зарыл. Орус тилинин 24 пайызы Европа тилинен келген. Араб тилинин 40 пайызы түрк элдеринен кирген. Азыр баары аралашып жатып калды, биз өзүбүздүн тилибизди сактап калышыбыз керек.
Мына ушундай кырдаалда бизге улуттук жаран идеясы өтө керек экен. Биздеги башка улуттар дагы, «Мен Кыргызстаным үчүн жанымды берүүгө даярмын», – деп жашашы керек.
«Кыргыз жараны» жөнүндөгү жарлык 300 мамлекеттик ишканада 562 жолу талкууланып, миңге жакын сунуштар келип түштү. Биз анын 30 пайызын гана кабыл алдык. Бул боюнча 62 телеберүү эфирден берилди. «Кыргыз жараны», Уңгужол бул – тирүү кадам шилтеген документ болушу керек.
Алмаз Окинович, ушундай жыйындарды бат-баттан уюштуруп турушуңуздар керек экен. Окумуштуулар, биз катышып, «Кыргыз жараны» дегенди жалпы коомчулукка сиздердин гезит аркылуу жеткирип туралы.
(Уландысы кийинки санда)