Башкы беткеМаанилүүАшыкча бюрократия жоюлат. Президент жарлыкка кол койду

Ашыкча бюрократия жоюлат. Президент жарлыкка кол койду

Эми мамлекеттик органдар талап кыла турган документтердин тизмеси бекитилип, ага кирбегендер жарандардан жана бизнес өкүлдөрүнөн талап кылынбайт.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.

Жаңы тартип 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 2027-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот. Жарлыкка ылайык, өлкөдө «жөнгө салуучу гильотина» механизми киргизилип, уруксат берүүчү документтердин саны кескин кыскартылат.

Лицензиялар, сертификаттар, патенттер, каттоолор жана башка ушул сыяктуу документтер уруксат берүүчү документтер катары каралат. Бирок Улуттук банк тарабынан берилүүчү документтер бул тартипке кирбейт.

Жарлыкта мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар милдеттер жүктөлгөн. Мисалы, тизмеде каралбаган документтерди талап кылууну токтотууга, уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, тиешелүү мыйзам актыларын жаңылоого тийиш.

Бул чечим мамлекеттик органдардын функцияларынын кайталануусун азайтып, бизнес чөйрөсүндөгү административдик тоскоолдуктарды жоюу аркылуу инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле ашыкча бюрократияны жоюуга, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар