Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыШнобел сыйлык тапшыруу салтанаты быйыл Европада өтөт

Шнобел сыйлык тапшыруу салтанаты быйыл Европада өтөт

Шнобел сыйлыгынын уюштуруучулары 2026-жылы сыйлык тапшыруунун салтанаты мурдагыдай АКШда эмес, биринчи жолу Европада өтөөрүн маалымдашты.

Баяндамада: «Өлкөгө баруу биздин коноктор үчүн кооптуу болуп калды», — деп айтылган.

Шнобел сыйлыгы — бул Нобель сыйлыгынын пародиялык түрү. Ал 1991-жылы америкалык илимий журнал тарабынан адамдарды күлдүрүп, андан соң ой жүгүртүүгө мажбур кылган изилдөөлөрдү таануу үчүн түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, жапондор 19 жыл катары менен Шнобел сыйлыгын алган. Сыйлык тапшыруулар жыл сайын АКШда, негизинен Гарвард университетинде жана Массачусетс штатындагы башка университеттерде, өткөрүлүп келген.

Уюштуруучулардын маалыматында салтанаттын Европада өтүүсүнун негизги себеби коопсуздук маселесинде. Бирок ага карабастан АКШ бул чечимге макул эместигин билидиришүүдө.

 

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар