“Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму 2026-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.
Мамлекеттик катчы А.К. Койчиевдин жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл союздардын, илимий коомчулуктун, маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтө турган улуттук форумга өлкөнүн бардык жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 800гө жакын өкүл чакырылган.
Форумдун башкы темасы – Кыргыз ренессансы: Жаш толкун. Форумдун алкагында маданият менен илимдин улуттук өнүгүүдөгү орду, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын коомдогу миссиясы, маданий-руханий жаңылануунун багыттары, ошондой эле чыгармачыл союздарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик механизмдери талкууланат.
Иш-чаранын жүрүшүндө чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү өз сунуштарын айтып, маданият менен илимди өнүктүрүүгө багытталган демилгелер көтөрүлмөкчү.
Форумдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, иш-чаралар планы түзүлөт.
Башкы бетке Рубрикалар Маданият жана адабият Чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтөт


