Иран Ормуз кысыгынан өтүү шарттарын жарыялады

Иран бийлиги Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө байланыштуу жаңы шарттарды жарыялады. Бул тууралуу Financial Times жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Тегеран Эл аралык деңиз уюмуна мүчө өлкөлөргө жолдогон катында “душмандык мамиле кылбаган кемелер” Иран бийлиги менен координациялоо аркылуу кысыктан өтө аларын билдирген.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги бул чаралар өлкөгө каршы аракеттерди алдын алуу максатында көрүлгөнүн белгилеген. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кысык толугу менен жабылган эмес, ал “душмандын кемелерине” гана чектелет.

Буга чейин Иран Ормуз кысыгы аркылуу сооданы токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШ жана Израилдин аскердик аракеттеринен кийин кабыл алынган. Натыйжада дүйнөлүк энергетикалык рынокто баалар кескин жогорулады.

Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп саналат. Ал аркылуу дүйнөлүк мунайдын болжол менен 20 пайызы жана суюлтулган газдын 30 пайыздан ашыгы ташылат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп кысык жакын арада кайра ачыларын билдирген. Бирок Иран тарап бул билдирүүлөрдү “психологиялык басым” катары баалап келет.


ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз