Эл артисти Абдыкалык Акматов каза болду

Кыргызстандын эл артисти Абдыкалык Акматов узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды.

Маалыматка ылайык, актёр рак илдети менен узак убакыттан бери күрөшүп келген. Жакындарынын билдирүүсүндө, ага “эл артисти” наамы жакында эле ыйгарылганы жана бул анын акыркы каалоолорунун бири болушу мүмкүн экени айтылган.

Абдыкалык Акматов сахнага жана киного жарым кылымдан ашуун өмүрүн арнап, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз