Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясы жакында аяктайт

Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 2026-жылдын 31-мартында жыйынтыкталат. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 1389 сом өлчөмүндө төлөм алынат.

Ошол эле учурда жарандар үчүн жеңилдиктер сакталат. Тактап айтканда, 31-декабрга чейин айдоочулук күбөлүктөрдү 083-формадагы медициналык маалымкатсыз алмаштырууга мүмкүнчүлүк берилет.

Белгиленгендей, акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүктөрүн жаңыртып үлгүрүштү.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз