Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЭл аралык энергетика агенттиги рекорддук көлөмдө мунай корун чыгарууга киришти

Эл аралык энергетика агенттиги рекорддук көлөмдө мунай корун чыгарууга киришти

Эл аралык энергетика агенттиги (МАЭ) өз тарыхындагы эн негизги мамлекеттик мунай запасын — 400 миллион баррель рынокко чыгарууга буйрук берди. Бул жалпы мунай резервдеринин үчтөн бирине барабар. Бул тууралуу The Guardian 11-мартта кабарлады.

Документке ылайык, агенттиктин 32 мүчө мамлекетинин баары макулдугун берип, мындай көлөмдөгү мунайды өзгөчө резервдерден чыгарууга чечим кабыл алышкан.

Бул чаралар АКШ менен Израильдин Иранга каршы согушу жана Ормуз кысыгынын фактически жабылышы менен дүйнөлүк мунай рыногундагы шокту жумшартууга багытталган. Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын төрттөн бир бөлүгү өтөт.

Кээ бир өлкөлөрдүн пландары:

  • Япония 18-марттан тартып 80 миллион баррель мунай рынокко чыгарууну пландаган;
  • Германия МАЭнун программасынын алкагында 19,51 миллион баррель мунайды чыгарат.

G7 өлкөлөрүнүн энергетика министрлери стратегиялык мунай резервдерин колдонууга принципиалдык колдоо көрсөткөн.

АКШ мунай министри Крис Райт билдиргендей, өлкөнүн стратегиялык мунай резервинен 172 миллион баррель чыгарылат. Бул чаралар президент Дональд Трампдын уруксаты менен жүргүзүлөт жана жеткирүү 1 аптадан кийин башталып, болжол менен 120 күнгө созулат.

Ошондой эле министр белгилегендей, келерки жылы 200 миллион баррель мунай сатып алуу пландалууда, бул чыгарып жаткан көлөмдөн 20% көп.

Эске салсак, МАЭ мындай өзгөчө чараны акыркы жолу 2022-жылы, Россия Украинага аскердик аракеттерин баштаганда колдонгон. Ал учурда рынокко 182 миллион баррель мунай чыгарылган.

Учурда дүйнөлүк мунай рыногу Ормуз кысыгы аркылуу соода токтотулганы себептүү күнүнө болжол менен 15 миллион баррель мунайдан ажырап жатат.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар