Башкы беткеМаанилүүЖакынкы Чыгыштан дагы 142 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Жакынкы Чыгыштан дагы 142 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн дагы 142 кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын алкагында уюштурулуп, жарандарды кайтаруунун кезектеги этабы ийгиликтүү аяктады.

2026-жылдын 15-мартында таңкы саат 06:30да Манас эл аралык аэропортуна Сауд Аравия Падышалыгынан 142 кыргызстандык жаранды алып келген атайын учак конду. Буга чейин биринчи этапта Кувейт, Бахрейн жана Катар мамлекеттеринде жүргөн жарандар автобустар аркылуу Эр-Рияд шаарына жеткирилген.

Министрлик кооптуу аймактардан жарандарды эвакуациялоо боюнча иштер улантыларын билдирип, кырдаал толук турукташканга чейин жарандарды аталган өлкөлөргө баруудан убактылуу карманууга чакырды.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар