Президент Садыр Жапаровдун 4–5-ноябрда Египет Араб Республикасына жасаган расмий сапары ийгиликтүү аяктады.
Каир шаарындагы “Аль-Иттихадия” президенттик сарайында Садыр Жапаров менен Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин расмий жолугушуусу болуп өттү. Тет-а-тет жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар саясий, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн мамилелери жаңы деңгээлге чыгарына ишеним билдиришти.
Ошондой эле Садыр Жапаров Египет парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ханафи Али Жебали жана премьер-министр Мустафа Мадбули менен жолугушту.
Каирде биринчи жолу өткөн Кыргыз–Мисир бизнес-форумунда президент Садыр Жапаров мисирлик ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга чакырып, өлкөнүн артыкчылыктуу тармактары — энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана туризм боюнча мүмкүнчүлүктөрдү тааныштырды.
Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган 8 документке кол коюлду.
Мамлекет башчысы сапардын алкагында Гиза пирамидалары жана Чоң Египет музейи менен да таанышты. Египеттеги расмий иш-чаралардан кийин Садыр Жапаров 5-ноябрда Вашингтонго учуп кетти.

