Башкы беткеРубрикаларАймактарМинистр Нарындагы курулуш иштерин жеке көзөмөлүнө алды

Министр Нарындагы курулуш иштерин жеке көзөмөлүнө алды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын шаарындагы курулуш иштери жүрүп жаткан бир катар объектилерге барды.

Маалыматка ылайык, курулуш министри “Ала-Тоо” стадионунун, «Тянь-Шань City» турак жайынын, Нарын шаарындагы лицей-интернатынын, В.Чкалов атындагы 500 орундуу мектебинин, облустук жана шаардык прокуратуранын учурда жүрүп жаткан курулуш жана реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Нурдан Орунтаев тиешелүү кызматкерлерге жумушту берилген мөөнөтүнөн кечиктирбей, сапаттуу бүтүрүү талабын коюп, ар бир курулуш иши жеке көзөмөлүндө экендигин билдирди.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар