21-июнда Францияда өткөн La Fête de la Musique музыкалык фестивалы маалында өлкө боюнча 145 адам шприц менен кол салуу фактылары боюнча арызданышты. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул окуяларга өтө олуттуу карап жатканын билдирди. Бул тууралуу Euronews жазды.
Парижде мындай 13 учур катталып, болжол менен он аял жана өспүрүм кыздар ооруканага жаткырылды.
Министрликтин өкүлү: «Кээ бир жабыркагандар токсикологиялык тесттерди тапшыруу үчүн ооруканага жеткирилди, иликтөө уланууда», – деди.
Учурда бул уколдордо баңгизаттар колдонулганбы же жокпу, белгисиз.
Фестиваль алдында айрым инфлюенсерлер, анын ичинде Abrège Soeur социалдык тармактарда кыз-келиндерге атайылап укол жасоо тууралуу чакырыктар тараганын эскерткен.
Париж полициясынын жетекчиси Лоран Нуньес CNews телеканалына:
«Бул өтө олуттуу окуялар», – деп, интернеттеги мындай чакырыктарды «такыр акылга сыйбаган» деп сыпаттады.
Түндүк-чыгыштагы Мец шаарында эки эркек киши кармалган. Мец мэри Франсуа Гросдидье социалдык тармактар аркылуу буларды билдирди:
«Социалдык тармактарда ири шаарлардагы фестивалдарда шприц менен кол салууга чакырыктар тарады. Бул Мозелдин эки шаарында жана Франция боюнча орун алды. Мецте 17 жаш кыз жабыр тартты».
Анын айтымында, шектүүнүн сүрөттөлүшү шаардын видео көзөмөл борборуна өткөрүлүп берилген. Полиция аны таанып, камакка алган. Мэр иликтөө шектүүнүн телефону аркылуу башка күнөөлүүлөрдү аныктоого жардам берет деп үмүт кылууда.
Фестивалдын жүрүшүндө жалпы 370тен ашуун адам ар кандай себептер менен кармалды. 14 киши оор жаракат алды. Алардын арасында 17 жаштагы өспүрүм бычак жеп, ооруканага жеткирилди. Мындан тышкары, 13 полиция кызматкери да жаракат алды.
Мындай окуялар буга чейин да болгон, 2022-жылы Францияда түнкү клубдарда жана концерттерде катталган. Анда 400дөн ашуун арыз түшүп, жабыркагандардын 80%ы жаш кыз-келиндер болгон.
Ошондой эле, 2022-жылы Испанияда 60тай аял түнкү клубдарда жана кечелерде ушундай укол алганын билдиришкен. Ал эми 2021-жылы Британияда да окшош окуялар катталып, парламент бул боюнча атайын баяндама жарыялаган.